Саясат

Сапар Исаков мамлекеттер аралык катуу издөөгө салыды

Чет элдиктерге паспорт берүү иши боюнча кылмыштарды тергөө аягына. Көптөн бери камактан таскактап качып шапар тээп жүргөн Сапар Исаковго Интерпол аркылуу мамлекеттер аралык издөө жарыяланды. Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип жатканы туурасында Тайырбек Сарпашевге, Бусурманкул Табалдиевге, Фарид Ниязовго, Алмазбек Атамбевге, Сапар Исаковго, Д.Сатыбалдиевге, М. Пратовага, Э. Апиловго. Г. Бердигуловага билдирме жөнөтүлгөн. Камалып жаткан Алмазбек Атамбаевге Кылмыш Кодексинин 319-беренеси (Коррупция) менен кылмышка шектелип жатканы тууралуу билдирүү берилген.

Бишкек ШИИББинин Тергөө кызматы Орхан Инандыга жана Түркиянын 10 жаранына мыйзамсыз паспорт берүү фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин тергеп ушундай тыянакка келишти. Сотко чейинки өндүрүш 320 (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 319-беренелери (“Коррупция”) менен жүргүзүлгөн.

Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн документтер жасалмаланып, бардык бланктар мыйзамды одоно бузуу менен толтурулган. Кыргызстандан башка аймакта жүргөн Түркиянын үч жараны жадагалса өлкөнүн чек арасына кирген да эмес, жетөө КРге келип паспортторун алып кайра чыгып кеткен. 10 түрк жараны андан мурда Түркияда террордук уюм катары таанылган FETO гүлендик кыймылынын мүчөлөрүнүн тизмесине киргизилген. Өлкөнүн жогорку кызмат адамдары документтерге кол коюп, аларга Кыргызстандын жарандыгын берүү процессин тездетүү боюнча мыйзамсыз көрсөтмө берген.

Булак: http://bayandama.org

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *