Сапар Исаков Францияга учуп кетти…
19-тогуздун айы, 2020-ж // // Айпери ОсмоналиеваКыргызстанда митингден кийин ар түрдүү окуялар болуп кетти. Абактан бошогондор кайра түрмөгө кайрылууга аргасыз болушкан. Бирок алардын арасынан эки саясатчы белгисиз болууда. Алар экс премьер министр Сапар Исаков менен Бишкек шаарынын мэри Албей Ибраимов. Канча күндөн бери изделип жатканына карабай житип кеткен сымал дайындары чыкпай жатат.
Учурда Сапар Исаковдун тарапташтары ага тынчсызданып жатканын айтышып, фейсбук баракчасына пикирлерин жазып жатышат.
Ал эми Сапар Исаковдун акыркы жолу экс президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн чыгып кеткенин Кундуз Жолдубаева жазып чыккан. Бул ал тууралуу акыркы кабар болгон. Андан бери бир жумадан ашуун убакыт өттү.
Ал эми калк ичинде Сапар Исаковду качып кетти, Казакстан аркылуу сыртка чыгууга камданып жатат деген кабар тараган. Жел жүрбөсө чөптүн башы кыймылдабайт демекчи көп өтпөй казактардын Tengrinews.kz сайтына Исаков учурда Франциядан башкалкалоо сурап жатканын жазып чыгышты.
Буга жооп кылып Кундуз Жолдубаева фейсбук баракчасына Сапар Исаковдун жанында эч кандай оздүк документи болбогонун жана ал ансыз сыртка чыга албасын кошумчалаган. Ал эми Сапардын жакындары анын коопсуздугуна тынчсызданып жатканын билдиришкен. Сырдуу болуп жаткан Сапар Исаков учурда кимдин жардамы менен кайда жашырып жатканы белгесиз бойдон калууда. Кийинкиси кандай болот айтор белгисиз бойдон калууда.
argument.kg