Санарип министрлигин көзөмөлгө албаса, Ширшов билгенин кыла береби?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ооба, ушундай суроо туулду. Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов коллективи менен келише албай, интрига ырбап, ички атмосфера чыңалып баратыптыр. Эң жөнөкөй эле этикага сыйбаган көрүнүштөр: урушуу, кагып-силкүү жана жумушка кайдыгерлик күчөй берсе, аягы жарылууга жетпейби? Анан калса, Иманов менен орун басарлары да “ит-мышыктай” абалга жетип калышканы эмнени билдирет? Бир гана Алексей Ширшовдун таасири артып, анын гана айткандары аткарылып атса, көмүскө схемалар аркылуу каражаттуу тармакты каалагандай калчай башташса, текшере турган органдар качан көз салышат? Министрге карата тоголок арыздар, тымызын даттануулар күчөй баштады. Өкмөттү тоготпогон бул эргул кимге баш ийет? Ширшовгобу? Башка эч кимди тоготпойбу? “Ооруну жашырса өлүм ашкере кылат” дейт. Анын сыңарындай, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев алдын ала анализ жасап, иликтөө жүргүзүп, санарип министрлигин көзөмөлгө албаса, эртең кеч болуп калбайбы? Кыскасы, кулак кагыш кылдык.

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg