Самсаларын келемиш аралап жүргөн кафеде эми мышык

Самсаларын келемиш аралап жүргөн кафеде эми мышык

05-теке, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Өткөндө самсаларын келемиш аралап жүргөн Бишкектеги «Рахат Лукум» кафесинде эми мышык жүрөт. Муну окуянын күбөлөрү видеого тартып, соцтармактарга чыгарды.

«Таза карашпайт экен. Кечээ чычкандар жүрсө, эми мышык келиптир», — дейт видеонун автору.

Эскерте кетсек, 3-июлда Жал кичирайонунда жайгашкан бул кафенин самсаларын келемиш аралап жүргөнү тартылган видео соцтармактарга чыккан. Бул окуядан кийин кафе санитардык бузууларды жойгонго чейин жабылган.