«Самосуд» кылсам болмок экен…13 жаштагы зордукталган кыздын атасы соттун чечимине нааразы

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кечээ 5-апрелде Жогорку сот 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган мурдагы эки милиция кызматкерине өкүм чыгарды.

Соттолуучулардын биринин жаза мөөнөтү 7,5 жыл деп белгиленди. Ал эми экинчисиники 9 жыл болуп, өзгөртүүсүз калтырылды. Буга чейин райондук сотто эки милиция кызматкеринин ар бирин 15 жылга, дагы эки шектүүнү 10 жана 8 жылга соттогон. Бирок милиция кызматкерлери шаардык сотко кайрылып, ал жактан сот аларга 6 жана 9 жыл берген. Ага байланыштуу жабырлануучу тарап акыйкат издеп Жогорку сотко кайрылган.

Жогорку соттун чечиминен кийин кыздын атасы өкүмгө нааразы болуп, Кыргызстанда акыйкаттык жок экенин билдирди.  Анын айтымында, буга чейин милиция кызматкерлеринин ар бирин 15 жылга абакка кескен райондук соттун өкүмү туура болгон.

«Аянычтуу болду. Ыйлагың келет. Кызымдын тагдырын талкалашты. Үй-бүлөм менен запкы тарттык. Келип-келип эле акча чечим кылды», — дейт ал.

Ал мурдагы милиция кызматкерлерине жумшак жаза берген шаардык сот менен Жогорку сот акчага сатылып кеткен деген пикирде.

«Мага зөөкүрлөрдүн (соттолуучулардын – ред.) жактоочулары «Кыргызстан коррупциянын мекени, акчага баарын сатып алса болот» деген. Чындап эле ошондой экен. Мага окшоп жабыр тарткан адамдарга айтар элем, Кыргызстанда акыйкаттык жок. Шардык сотто дагы, Жогорку сотто дагы акыйкаттык жок. Биздин өлкөдө мыйзам иштебейт. Мен «самосуд» кылсам болмок экен деп өкүнүп жатам. Бийликке ишенич жок», — дейт ал.

Ал учурда кызынын психологиялык абалы начар экенин билдирди.

«Азыр кызымдын абалы өтө оор. Психологиялык жактан жабыр тартты. Биз менен сүйлөшүүсү абдан кыйын. Бат ачуусу келет. Бир нерсеге көндүрүү кыйын. Психологиясын бузуп салган», — дейт ал.

Ошондой эле, ал соттолуучу тараптан азыркы күнгө чейин коркутуу болуп жатканын айтты.

«Кызымды дүкөнгө жөнөтөмбү, артынан бирөөлөр аңдыйт. Э.А. аттуу соттолуучунун жездеси үйүмө чейин келип, балдарымды коркутуп, сөгүп-саккан учурлар болду. Келинчегимди коркуткан күндөр болду. Алардын жазуулары да бар. Бизге мамлекеттик күзөт камера орноткон. Камерага түшүп калган, бирок беттери аныкталбай калган. Кызыл унаа менен келген, бирок анын номерин аныкталбай коюшту», — дейт ал.

Анын айтымында, аталган соттолуучунун жездеси Биринчи май райондук милициясында иштейт.

Эскерте кетсек, окуя былтыр болгон. Иш боюнча шектүү катары төрт адам кармалган. Алардын экөө милиция кызматкери (кылмыш жасалган учурда милицияда иштеп жаткан), бирөө «Дордой» базарында күзөтчү жана төртүнчүсү официант болуп иштеген.

Алгач милиция кызматкерлери ар бири 15 жылга жана күзөтчү 10 жылга эркинен ажыратылган. Төртүнчү адам 8 жылга соттолгон.

Быйыл январь айында шаардык сот эки милиция кызматкеринин жаза мөөнөтүн кыскартып, аларга 6 жана 9 жыл берилген.

Аргумент.kg