Самооценка төмөн болгондогу белгилер

Самооценка төмөн болгондогу белгилер

01-кулжа, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева
  1. Көпчүлүк айымдар белекти кабыл ала албайт.

Муну эмне алып келдин, канча акча кетти, анын ордуна эт алып келбейт белең деген сыяктуу: Же бирөө келип жардам берейин десе да, тим эле кой, мен өзүм эле дейт.

2. Бирөө  комплимент айтса , бүгүн мынча сулуусун деген сыяктуу. Ой кочу, уялтпачы,деп  кабыл ала албайт.

3. Өзүн төмөн  баалаган айымдар начар мамилеге уруксат бере берет. Жолдошу кордоп жатса уруксат бере берет.

4. Өзүнүн оюн, керектөөсүн айта албайт.

5. Бирөөгө болгон таарынычын ачык айтпайт, табышмактанып, какшыктап, соц, сеттер аркылуу айтат.

6.Эркектерге ыңгайлуу  болгонду жактырат. Баарына макул боло берет, жагынам деп.

7. Башка айымды коргондо өзүн салыштырып баштайт.

8. Куйөөсүн ашыкча кызганат, ошол башка аялды озунон ойдо койгону учун.

9. Эгерде мен оюмду айтып койсом, мени сыйлабай калат. Же каалаганымды алдыра берсем, менден кетип калат деп ойлогондорда да өзун — озу баалоо төмөн.

Булак: Аргумент кж