Салык кызматы «Дордойдогу» кампаларды текшерүүгө алды.

Салык кызматы «Дордойдогу» кампаларды текшерүүгө алды.

04-аяк оона, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

«Дордой» соода базарындагы ишкерлер салыктын айынан нааразычылык акциясына чыгышты. Алар салыктын жогорулашы боюнча абалды түшүндүрмөйүнчө контейнерлерин ачпай турганын айтышат. Бул туурасында соодагерлер өздөрү Kaktus.media сайтына билдиришти.

Айтымдарында, учурда базардын администрациясынын жанына болжол менен 500дөй адам топтолду. Баары базардагы ишкерлер.

«Биз салыкчылардын салыкты жогорулатып жатканына нааразыбыз, иштөөгө мүмкүн болбой калды», — дешет акцияга чыккандар.

Соодагерлер белгилегендей, базарга Салык кызматынын төрагасынын орун басары келери күтүлүүдө.

Кампаларга Салык кодексинин 59-беренесиндеги 17-пунктунун негизинде мөөр басылды. Аталган пунктка ылайык, салык көзөмөлүн жүргүзүүдө алар салыктык каттоосуз же патенттин негизинде салыкты төлөбөстөн же соода зоналарындагы иш-аракетке салык төлөбөстөн иш жүргүзгөн учурда салык төлөөчүнүн ишкердик ишинин объектилерине өзгөчө режим менен мөөр басышы мүмкүн.