Салык кызматы 8 айда 158 млрд сомдон ашык акча чогултту

Салык кызматы 8 айда 158 млрд сомдон ашык акча чогултту

06-аяк оона, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Мамлекеттик салык кызматы быйыл 8 айда 158 млрд 25,9 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка караганда, белгиленген план 2,1 млрд сомго ашыгы менен аткарылган. 2022-жылдын 8 айына салыштырмалуу 26,1 млрд сомго көп жыйналган.

Чогулган сумманын 116 млрд 551,7 млн сомун салык жана төлөмдөр, ал эми 41 млрд 474,2 млн сомун камсыздандыруу төгүмдөрү түзөт.

Булак;Аргумент кж