Салтанат Аманова чыгармачылыкты түшүнбөй, маданиятка шек келтирүүдө

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Коммунисттердин заманында Аалы Токомбаев “Манас” эпосунда Манас Бээжинди багынтып, чапкан жерлерин алып салбасак болбойт. Кытай менен мамилебиз бузулат” деп элдик эпоско саясый айып тагып, тоноп, бутаганга аракет кылганда ага эл каршы чыгып, жек көрүндү болуп, суук тумшук көрүнгөн жайы бар.

Элдин пикиринин адилеттүүлүгүн мезгил аныктап, искусство элди бириктире турган көрүнүш экенин, “Манас” түбөлүктүү идеяларга сугарылганын Пекин опера театрынын “Манас” операсын дүйнөгө даңаза кылып койгону далилдеп турбайбы.

Жакында Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында Алишер Ниязовдун белгилүү режиссер Акимбек Текешов койгон “Дежавю” спектаклине маданият министринин орун басары Салтанат Аманова башында турган көркөм-эксперттик комиссия саясый айып тагып, тыюу салыптыр. Бул пьесада азыркы турмуш көркөм чагылдырылган.

Комиссия президенттин атын жамынып, жаман көрсөтүү максатын көздөгөнбү? Болбосо спектаклде реалдуу кишилердин аты аталбаса, “көркөм образдар баланчага шек келтирет” деген тыянактын өзү абсурд эмеспи. Бул Кыргызстанда цензура башталганынан кабар берип турат.

“Бөрк ал десе баш алган” маданият министрлиги искусствого түшүнбөгөндөн кийин театрга тийишкенди коюп, телекеналадарда “90-60-90” деп тилди тебелеп, элди тескери тарбиялап, жаман адаттарды таратып, экранда ырсалаңдаган, ар-намысы жок шойкомдуу шоу жылдыздырын тыйып албайбы!

Булак: Азия News гезити

Поделитесь с друзьями
Аргумент.kg