Салянова менен бир камерада отурган келиндин даттануусу боюнча Жогорку Сот маалымат таратты

Салянова менен бир камерада отурган келиндин даттануусу боюнча Жогорку Сот маалымат таратты

14-кулжа, 2019-ж // //

Жогорку Сот Акыйкатчы институтунун Бишкектеги СИЗО-1де боюнда бар аял эски телефонду уурдаганы үчүн белгиленген мөөнөттөн ашыкча отурат деген маалымат боюнча билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, Свердлов райондук соту 2018-жылдын 11-октябрында мурда соттолгон Б.С.нынишин карап чыккан. 15-октябрда сот шектүүнү үй камагына чыгарган. Бирок ал сотто келтирилген өтүнүчтөрдү аткарбай, жашаган жерин өзгөртүп, дайынсыз жок болуп кеткен.
Ал эми 10-декабрда райондук прокуратуранын өтүнүчү менен шектүүнүн баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, ага карата издөө салынган. 2019-жылдын 7-июнунда иш Свердлов райондук сотуна түшүп, каралып баштаган. Соттук уктуруу 24-июнга белгиленди.
Ошондой эле шектүү аял азыркы учурда Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча 26-июнга чейин камакка алынган мурдагы башкы прокурор Аида Салянова менен бир камерада отурганын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тастыктады.
Булак: Супер инфо