Салянова: Гуревичке жолуккан эмесмин

Экс-башкы прокурор Аида Салянова Кыргызстанда сыртынан соттолгон Евгений Гуревичтин айткан маалыматы тууралуу “Азаттыкка” маек курду. Салянованын айтымында, «Гуревичке жолукту деген прокурорлор» ал баш прокурорлукту аркалап турган кезде АКШга барган эмес. “Азаттык”: Сиз АКШга барган учурда Евгений Гуревичтин бул өлкөдө экени тууралуу маалыматыңыз бар беле жана Кошмо Штаттардын расмий органдары менен бул боюнча сүйлөшүү жүрдүбү?
Салянова: Сапар учурунда АКШнын Юстиция департаменти менен абдан тыгыз иштедик жана алардын бир нече кызматкери менен узакка созулган кеңешмелер болуп жатты. Биз тараптан беш-алты адам, алар жактан да тиешелүү кызматкерлер бир нече саат бою маселени талкууладык. Негизи Гуревичтин АКШда камакта экени белгилүү болчу. Алабамадабы же кайсы жакта болгону эсимде жок. Ал киши менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүн издеген эмесмин. Ал эми Гуревич айтып жаткан эки прокурордун кайсы убакытта учуп барганы тууралуу кабарым жок. Мен Алабамага барган эмесмин.
Кезинде Бакиевдердин финансылык кеңешчиси болгон, Кыргызстанда бир нече кылмыштар боюнча сыртынан соттолгон, азыр АКШда шарттуу абакта отурган Евгений Гуревич прокуратура өкүлдөрү Аламбадагы түрмөгө келип, аны менен жолукканын айткан.
«Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов бул билдирүүдөн кийин маселени парламентте көтөрүүгө ниеттенген. Анын билдиришинче, депутаттар 2015-жылы кайсы прокурорлор Гуревичке барганын билиши керек.
Аида Салянова Башкы Прокуратураны 2011-жылдын апрель айынан тарта, 2015-жылдын январь айына чейин башкарган.

Аргумент.kg