Саясат

Сакалчан, узун көйнөк кийген эркектерди тыйбасак, мамлекетибиз коркунучта…

Коомчулукта, соцтармактарда сакалчан, узун көйнөк кийген эркектердин көбөйгөнүнө кабатырлангандар арбыды. Алар ашкере динчилдер экени жашыруун эмес. Дүйнөлүк алкакта экстремисттик күчтөр баш көтөрүшүп, терроризм коркунучу жайылып аткан чакта, Кыргызстандагы “көзгө суук” көрүнгөндөрдү кантип тартипке чакырабыз? Алар ар кандай улуттардан болушу мүмкүн, бирок алган багыттары, түпкү идеялары бир да. Андыктан, бийлик арканды алыс ыргытып, дин эркиндигин ашкере жайылтпай, көзөмөлдү тыкыр жүргүзүүсү зарыл. Коңшу Өзбекстан, Казакстан, Тажикстанда биздегидей сакалчандар, шалбыраган көйнөк кийген эркектер жокко эсе. Бул мамлекеттер улуттук баалуулуктарын даңазалап, динди көзөмөлдөп, саясатка аралаштырбастан тизгинди катуу кагып турушат. Өз элдерин илим, билимге сугарышууда. Тилекке каршы, бизде кемчиликтер бар. Андыктан, эртең саныбызды чаап, чыканагыбызды тиштеп кала электе, радикалдуу уюмдар менен үргүлөп жаткан террордук күчтөрдүн тамырын кыркып, салттуу диндин нугуна салуу керек. Албетте, бул жагынан заманбап адистердин пикирин угуп, светтик багыттагы жашообузду чыңдашыбыз шарт. А болбосо Афганистанга айланып кетүү коркунучун кантип танабыз? Босогобуз чындап кооптуу жайга айланды го? Мамлекетибизди сактап калалы!

«Азия Ньюс» гезити

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *