Жарым кылымдык тарыхы бар, таланттуу кыздардан куралган “Кыз Бурак” тобунун негиздөөчүсү Гүлшайыр Садыбакасованын кыргыз эстрадасына жана маданиятка кошкон салымы зор. Садыбакасова ушул кезге чейин чыгармачылыкта 300дөн ашык кызды тарбиялап, уядан учурду.

“Кыз Бурак” тобунун негиздөөчүсү, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, КРдин эл артисти, профессор Гүлшайыр Садыбакасованын жашоосу, чыгармачылыгы тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги анын кызы Сайкал Садыбакасова менен маектешкен.

— “Кыз-Бурак” тобун түзүү менен элге аттын кашкасындай таанылган Гүлшайыр Садыбакасованын балалык чагы тууралуу айтып берсеңиз?

— Апам өзү он бир тууган. Ноокат районунда мугалимдин үй-бүлөсүндө туулуп-өскөн. Таенем да, таятам да мугалим болчу. Мектепти “беш” деген баага окуп, кичинесинде эле иштеп, өзүнөн кичүү ини-сиңдилерин да караганга жетишчү экен. Ал тургай базарда жумуртка сатканын да уккам. Апам “жумуштун уяты жок” деп көп айтат. Мен да ал кишиден дайыма сабак алып, жөнөкөй болууга аракет кылам. Алгач таятам апамдын ырчы болуусуна каршы чыккан экен. Ал киши “эгер артист болом десең, сендей кызым жок” деп кесе айтыптыр. Бирок апам Бишкекке келип эле атасы айткан окууга өтөт да, ага кошумча эстрада менен алектенип жүрөт.

Апамдын барабанда ойноп жатканын телевизордон биринчи жолу көргөн атасы: “ай Салия, келсең бери, кызыбыз телевизордо жүрөт”, – деп сүйүнгөн экен. Апама чыгармачылык шык таенемден келсе керек деп ойлойм. Анткени ал киши үйгө келгенде ырдап, бийлеп берчү, музыкага абдан жакын эле да. Жаш кезинен эле таенем чилдирман чалчы экен. Таенемдин айтуусунда, апабыз кичинесинде ошол чилдирманга аябай кызыгып, ойноп жатса кошо талашыптыр. Апам спорттун да чебери. Убагында каратэ менен машыккан, ошондой эле волейбол, баскетбол өңдүү спорттук оюндардын бардык түрү менен алектенген экен. Апамдын мүнөзүнөн эле спорттун чебери экени байкалып турат (күлүп).

— Балалыктан соң өспүрүм курак келет. Андан соң адам баласы жалындаган жаштык менен бирге сүйүүгө да кабылат эмеспи. Гүлшайыр айымдын сүйүү баяны тууралуу сурагым келип турат. Атаңыз менен кандайча таанышып калган экен?

— Апамды 27 жашында атам ала качып кетиптир. Мен да таң калып: “Апа, сизди да ала качканбы, кантип?” – деп сураган учурларым болгон. Апам салтка баш ийип эле отуруп калыптыр. Негизи ал кезде 27 жаштагы кыз жашы өтүп калган катары эсептелчү эмес беле. Азыр 30 жашта турмушка чыгуу деле кадимкидей эле кабыл алынып калды. Бирок ушуга чейин апам экөөбүз сүйүү темасында ачык сүйлөшкөн эмеспиз. Атам экөөнүн сезимдери тууралуу деле эч нерсе билбейт экенмин. Бирок “тагдыр, кыйнаба мени…” деген ыр саптары жазылган сүйүү ырларын окуп: “Чоң эле сүйүүгө кабылган экенсиз ээ? Жашырбай эле айта бербейсизби”, – деп калсам, “ай кыз, каяктагын айтпачы, эми жаш болгондон кийин сүйүү болот да” деп эле күлүп коёт. Болду, андан ашык эч нерсе айтпайт.

— Жарым кылымга чукул тарыхы бар “Кыз-Бурак” тобун кармап туруу да оңой эмес. Кыздардын да кыялы ар кандай болот. Топ менен иштөөдө кандай кыйынчылыктар кездешет?

— “Кыз-Бурак” тобунун негизделип, жаңыдан куралган мезгилин айтып бере албайм. Бирок мен катышкан учурду айтсам, чынында кыздардын кыялдары ар кандай. Баарын үйрөткөндөн кийин айрымдары топтон кетип да калышат. Мен андайда апама чалып, ыйлаган күндөрүм болгон. Ал дайыма “кызым, ушуга дагы ыйлайсыңбы, мындай учурлар далай ирет болгон жана боло берет” дейт. Атайын барып, апам менен маңдай-тескей отуруп кыздарга кандай мамиле жасоо керектиги тууралуу кеп-кеңештерди да алгам. Себеби апам психолог. Топтогу кыздар туура эмес кылса урушат. Бирок кайра артынан мактап, көңүлүн жубатып койчу. Ошондой эле “Кыз-Бурак” тобу абдан көкөлөп турган учурда турмушка чыгып кетишкендер болду. Негизи жаңы кыздарды алып, кайра үйрөтүш деле оңой эмес. Бирок апам баарына чыдап, далай ысык-суукту баштан өткөрдү. Чыр менен кеткен кыздарга таарынган учурлары да болду. Бирок анын баарын жүрөгүнө сактап, мээсине түйө бербейт. Ары жактан гана өткөрүп коёт. Азыр топтун аткаруучу директору катары ар бир кыздын кыялына жараша мамиле жасап, көзөмөлдөп турам. Бул абдан кыйын. Кээде кылган эмгекти баалабагандар болот. Эң негизгиси, апам сабырдуулукту, туура мамиле жасоону, жөнөкөйлүктү, чынчылдыкты жана адамгерчиликти үйрөттү.

— Гүлшайыр айым чыгармачылык менен катар илим жагын да бирге алып кеткен экен. Дегеле эле үйдө жана сыртта мүнөзү кандай?

— Үйдө апам абдан мээримдүү эне. Тамакты мыкты жасайт. Иним экөөбүздү эч нерседен кем кылбай өстүрдү. “Мен көргөн кыйынчылыктарды көрүшүңөрдү каалабайм” деп айтат. Үйдө бардык нерсе өз ордунда турар эле. Бирок ошол эле учурда талапты да катуу коёт. Турмушка чыкканда “Гүлшайырдын кызы” деген сөз тиет” деп тамак-аш жасоодон баштап бүт нерсени үйрөттү. Ал киши “билбейм” деген сөздү жаман көрөт. Анан “ырчылыкты эле карап отура бербе. Өзүңдү бардык жактан өнүктүр. Ички дүйнөң кенен, билимиң да мол болсун” деп кеңеш берет. Апам китепти аябай көп окуйт. Үйдө гезит үзүлбөйт. Ал киши болушунча өзүн өнүктүргөн адам. Бирок ушул китеп окуу, илимге умтулуу жагынан тартпаптырмын. Кээде “апамдай эне боло аламбы” деп кабатырланам. Ошол эле учурда аны дайыма аяп, бассам-турсам ойлоп турам.

— Апаңыз чыгармачыл адам болгондуктан көп убактысын гастролго, ишине бурду да. Сиздерде апага кусалык, көңүл буруу жетишпеген учурлар болдубу?

— Апама абдан ыраазымын, чыгармачылыгы менен бирге балдарына да жетиштүү көңүл буруп, мээримге бөлөп өстүрдү. Фестивалга, гастролго кетсе да бизди жанына алып алчу. Эч качан бирөөнүн үйүнө түнөгөн жокмун. Бир топ белгилүү артисттердин алдында отуруп, түбүн ичип калгандыктан да ырчы болуп калсам керек (күлүп). Мен кичине кезде топтогу эжелер апамды “эже” дешчү. Кийинки келген кыздар “апа” дей баштаганда абдан кызгангам. Бирок бара-бара ага көндүм.

— Сырттан караганда апаңыз абдан бекем, оңой менен сынбагандай көрүнөт. Негизи эле турмуштук көйгөйлөргө, кыйынчылыктарга кандай туруштук берген адам?

— Негизи апамды адамдар сындыра албайт деп ойлойм. Бир гана жараткандын сыноосу ийилтиши мүмкүн. Көптөгөн турмуштук кыйынчылыктардан оңой эле өтүп кетет. Анткени өз ишине так, адал кызмат кылгандыктан өзүнө ишенимдүү, баарын заматта тарс-турс ордуна коюп коёт. Кандайдыр бир талаш-тартыш болгондо да апамдын сөзү туура чыгат. Достукка да абдан бекем, курбулары менен жакшы катышып турат. Өткөндө башыбызга чоң жоготуу түшкөндө да апамдын достору келип, аябай колдоо көрсөтүп, чын дилден күйүп-бышып турушту. Ошондо апамдын достукка кандай адам экендигин байкадым.

— Иниңиздин арты кайрылуу болсун! Чынында эже үчүн, сиз үчүн да оор жоготуу болду…

 

— …Иним апамды тартып китепке жакын эле. Кичинебизде энебиз бир жакка кеткенде мен шоколад, таттуу алдырсам, ал энциклопедия менен китеп ала келишин суранчу. Беш тилде эркин сүйлөп, Канада, Европадагы жогорку окуу жайларына өз күчү менен өтүп кеткен. Бирок апам “жалгыз уул болсо” деп алыска жиберүүдөн коркту. “Ушул балам мени тартып китепке жакын” деп сүйүнүп, апабыз ушундай бала берген жаратканга шүгүр кылчу. Бирок баланыкы абдан кыйын экен. Башыбыздан оор жоготуу өттү. Апам абдан күчтүү адам, бирок ушул жоготуу майыштырды. Ошентсе да апам сабырдуулук менен карманууда. Азыр чалган сайын ыйлайт. Ушуга чейин апамдын ыйлаганын уккан эмесмин. Катуу ыйлаганын биринчи жолу иним каза болгондо көрдүм. “Балам, бул жашоодо баары калат экен. Биз конок эле турбайбызбы. Башкысы үй-бүлө. Кийин балдарыңа жакшы тарбия бер. Алардын жанында болуу — бакыт” деп көп айтат. Аябай сабырдуу. Мен кайрат айтып жанында жүргөнүм менен апам кайра “биз бири-бирибизге керекпиз. Сенин тоюңду жасашым керек. Кийин бала-бакыраң, неберелериң болот” деп буркурап ыйлаган мени сооротуп жүрдү.

— Негизи ушундай белгилүү адамдын кызы болуу сизге жоопкерчиликти арттырып, оорчулук сездирген эмес беле?

— 17-18 жашымда белгилүү адамдын кызы болуу мага абдан оорчулук жараткан. Ошол кезде өткөөл курак болуп, ашыкча баса албай кыйналгам. Бир жерде отурганда ээн-эркин күлө алчу эмесмин. Элдин сөзүнөн айбыгасың. Азыр көнүп калдым. Тескерисинче, апамдын тарбиясы, ошол нерселердин бардыгы туура жолго багыттаарын түшүндүм.

 

Кичинемден апамдын каршылыгына карабай ырчы болууну самадым. Апам мени башка кесиптин ээси болушумду каалаган. Бирок музыкалык билимим жок эле музыкалык сезимим күчтүү болгондуктан фортепиано ойной берчүмүн. Эсимде калганы, кечкисин электр жарык өчүп калган күндөрү апам шамдын жарыгында фортепианонун алдына ноталарын коюп алып обон чыгарчу. Анан үйдөгү ырчы эжелеримди “ич менен ырдап, артикуляцияны туура колдонуу керек” деп урушкандарынын баарын кулагыма куюп, сиңирип алчумун.

Апам менин ырдап чыгарыма көзү жетип, мага ишенгенде гана уруксат берген. Сапаттуу ырларды жаздырып, мыкты аранжировкачылар менен иштетти. Мен үчүн аянган жок.

Спутник.кж