Сайра: «Күйөөмө экинчи аял издейм, балким ал араңарда…»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Менин көйгөйүм ден-соолугума байланыштуу төрөй албадым. Жараткан үчүн бооркер эжелерден жардам сурайм. Жолдошума экинчи аял болуп тийип, бала төрөп бере турган турмушка көз-карашы түз болсо, мени түшүнөт деп ойлойм.

Мага оңой эмес. Бул чечимди кабылдабашка айла жок. Тагдыр экен, жолдошумдун тукуму калганын каалайм. Балдары бар болсо дагы, жакшы, жөнөкөй, ыймандуу айымдар бойдок жүргөнчө, тийип алса балким жакшыбы?..

Мен эже-сиңдидей аралашып турууга Алланын алдында сөз берем. Бөлөк-бөлөк жашайбыз. Бирок жолдошубуз бирөө болот. Ошону көтөрө ала турган күчтүү, жөнөкөй айымдарга кайрылам…

Аргумент.kg