Сагынбай Эргешов,теле алып баруучу: «Сыйлыкты акчага сатып алган жокмун,эмгектенип алдым»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Көңүл ачуучу программаларды эфирге алып чыгуу менен элге жылуу маанай тартуулаган Сагынбай Эргешов редакциябыздын коногу.Бул жигит аз убакыттын ичинде өз аудиториясы,күйөрмандарын тапты.Келечекте өзүн исскуствонун бир нече тармагынан сынап көрүүнү кыялданган телеалпаруучу,тамада Сагынбай мырза менен болгон маегибиз наздарыңыздарда

-Сагынбай эфирге чыгып баштаганыңа эки жылдын жүзү болду. Кандай ийгиликтерди жаратууга жетиштиң ?

— Башка жылдарга салыштырмалуу быйыл көп ийгиликтер мага жылмайды. Дегеним «ЭлТР» телеканалы уюштурган, Сонунбүбү Кадырова эжекебиз жетектеген «Элдик талант» теле долбоору менен толук бир жыл иштедик. «Эл ичи өнөр кенчи» демекчи, турмуштун ар кандай сыноолорунан улам ташкындап турган талантын тартуулай албай келген эже-ага, ини-карындаштарыбыздын тилектери орундалды десем жаңылышпайм. Көрсө көздүү
мончок жерде калбайт деген ушу туура. Бул программанын жыйынтыгы менен Маданият министирлиги тарабынан Ардак грамотасы менен сыйланып, Туркия мамлекетине жолдомо алдым. Бул мен үчүн чоң жетишкендик. Ошондой Маданият жана маалымат туризм министри Азамат Жаманкуловдун колунан сыйлык алып, төш белги менен сыйландым. Мен сыйлыкты акча менен эмес эмгек менен алдым.

-Той-топурларды тамадалык кызматты аркалап каласың…

— Той-топурга көп чакыруулар түшө баштады. Мен такшалып мыкты адис болушум керек. Ошондуктан өзүмдү ар тармактан сынап келем. Чындыгында бул иш оор, бирок кызыктуу. Эртең менен сабака барып, түштө жумушка келип, кечкисин тамада болуп иштейм.

-Демек, убактың чектелүү?

-Учурда баардык жерге тажрыйбалуу жумушчулар керек.Мисалы,окууну жаңы бүтүп,дипломду колуңа көтөрүп алып,бирок тажрыйбаң жок барсаң жумушка албайт.Ошондуктан талыкпай эмгектенүү керек деп ойлойм.Эгерде адам «мен бул ишти кылам» десе кылат жана убакыт да табат.Эртең менен сабака барсам, түштө бошоп калам. Түштөн кийин эфирге материал даярдайм. Кечкиси тойго чакыруу болсо барам. Ишемби, жекшемби күндөрү фотосессия жана майда иштеримди бүтүрүп алам.

-Сабак көп калтырып койгон учурлар болсо керек, мугалимдер түшүнүү менен карайбы же…?

— Ооба, сабак калтырган учурлар көп эле болот. Көп мугалимдер түшүнүү менен карайт, эң башкысы теманы өздөштүрүп кетишиң керек.

-Биз билбеген дагы кандай өнөрлөрүн бар?

-Өзгөндүн уулу болгондуктан өзгүн палоосун сонун кылып басам. Анча-мынча түн бир оокумда илхом келгенде ыр жазып коём. Өзүм фальклор-
эстрада жанрында ырдаганды жактырам. Шерине, отуруштарда ырдап калам. Музыкалык билим алып, ырдап чыгууну да кыялданам.

-Байкашымча караганда саясатка кызыгууң жоктой.Дегеним, айымдарга караганда мырзалар саясатчы болушат го?

-Саясатка кызыгып, саясий жаңылыктарды көп окучумун. Бирок, азыр эмнегедир кызыгуу жок. «Журналист» деген статусту алып жүргөндөн кийин, саясатта укмуш сүйлөбөсөм да, өз позициямды, көз-карашымды билдире алам.

-Көчөдөн таанып кол тамга сурагандар болобу?

-Ооба,мага андай учурлар жагымдуу мүнөттөрдү тартуулайт.Сүрөткө түшүп,кол тамга берип,көңүлдөрүн алып коем

-Кыз менен сүйлөшүүдө кандай сапаттарын баалайсың?

-Азырынча жүрөгүмдүн эшигин каккылап,сүйүү келе элек.Сүйлөшкөн кызым жок.Бирок ыймандуу,сабырдуу,жөнөкөй,жароокер кыздарды баалайм жана сыйлайм.Бирок ошол нерсеге биз да татыктуу болушубуз керек.

Булак:Ачык саясат

Аргумент.kg