Садыр Жапаровдун кудасы кызматтан баш тарта алабы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Президенттин кудасы Турусбек Түмөнбаев «Унаа»  мекемесинин жетекчиси болуп дайындалганы коомчулукта ар түрдүү суроолорду жаратууда. Негизги Түмөнбаев ишкер адам, бизнес менен алектенет дешет. Мамлекеттик кызматка келип алганы кудасына көлөкө түшүрүп жатканын сезет болду бекен. Андан көрө мамлекеттик кызматтан өз эрки менен баш тартып бизнеси менен алек болуп өнүктүрө бербейби деген ой пикирлер соцтармактарды каптап кетти. Ошондо Түмөнбаев өлкө башчысын ар кандай сөз тийгенден сактайт эле. Бизнесин өнүктүрүп иши жокторго жумуш берип, болбосо демөөрчү болуп калктын кыйналган катмарына жардам берип жакшы атын жоготпой өз тармагын өнүктүрө бербейби? Эми эмне болоор экен көгөрүп мамлекеттик кызматты ээлеп отура береби же терең ойлонуп кызматын өткөрүп бизнесин өнүктүрүп элге пайда берүү жагын ойлонобу?

Булак: Аргумент.кж

Аргумент.kg