Садыр Жапаровдун хан сарайы сатыкка коюлду

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мамлекеттик ипотекалык компания президент Садыр Жапаров берген эки кабаттуу турак жайды ачык аукционго койду.

Сатуудан түшкөн каражат даяр батир сатып алууга жумшалат. Андан соң ал үй “Менин үйүм — 2021-2026” турак жай программасы аркылуу ипотекага берилмекчи.

Жапаров 30-сентябрда мурда үй-бүлөсү менен жашаган эки кабаттуу үйүн кайтарымсыз негизде Мамлекеттик ипотекалык компаниянын балансына өткөрүп берген. Президент бул үйдү 2005-жылы эле сатып алганын айтып, 2010-жылы башка жакка көчүп кеткендиктен турак жай ошол убактан бери бала бакча катары иштеп келгенин белгилеген.

Хан сарай Бишкектин Кудайбергенов, 81а дареги боюнча жайгашкан. Анын жалпы аянты 390,6 чарчы метрди түзөт, жер тилкесинин аянты 8,5 сотых.

Баштапкы баасы 33 700 000 (отуз үч миллион жети жүз миң) сом же азыркы таптагы курс менен 400 миң долларга чукулдайт.

Ачык аукцион 24-декбарда саат 11:00дө Бишкектин Токтогул көчөсү, 228 дарегинде өтөт. Соодалашууга катышуу үчүн 350 миң сом көлөмүндө кепилдик төлөмүн төгүү жана аукцион башталганга чейин арыз берүү шарт.

Катышууну каалагандар үчүн табыштамалар 23-декбарь саат 17:00дө аяктайт.

Кошумча маалымат алуу үчүн Турак жай фонду башкармалыгы жана сатып алуу бөлүмүнө кайрылуу сунушталат. Дареги: Бишкек, Токтогул көчөсү 228, телефон номери: (0700) 11-18-87.

Аргумент.kg