Садыр Жапаров : желген акчаны эки  эмес,5-10 эселеп өндүрүүнү карап жатабыз

Садыр Жапаров : желген акчаны эки эмес,5-10 эселеп өндүрүүнү карап жатабыз

31-бугу, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева
Желип кеткен акчаларды эки эсе эмес, 5-10 эсе кылып кайра төгүп берүү боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү каралып жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата калаасындагы паркты ачуу салтанатында сүйлөп жатканда айтты.
Өлкө башчы коррупция аралашкан бир нече фактыларды келтирип, инвесторго болгон мамиле туурасында айтып, акча талап кылган деп бир катар ысымдарды атады.
Беш жылдыздуу отель, урматы жок Урмат туурасында.
«Былтыр ушул жердеги резиденцияга чогултуп, «беш жылдыздуу мейманкана кура турган өзүбүздүн ички инвестор, бай балабыз бар экен. Депутаттар тарабынан «салдырбайбыз, акча бер» деген сындуу бут тосуулар болуп жатыптыр, биз талаадан, сырттан инвестор издеп, тартып келип жатабыз, андай кылбагыла» деп айттым эле. Тилекке каршы, аны эч ким укпаптыр. Беш жылдыздуу отелдин курулушу жүрүп калышы керек, бир жылдан ашып кетти, бүгүн да баштала элек экен. Бир депутат… аты Урмат экен. Аты Урмат деп жакшы экен, бирок өзү урматсыз экен. «Каршы чыгам, депутаттардын бардыгын каршы үндөйм, салдырбайм» деп туруп бир миллион сом алыптыр. «Жаштар каршы чыгабыз» деп жаштардын атынан келип 10 миң доллар алыптыр. «Булардын оозун басайынчы деп бердим. Эми баштап жатам, 1,5 жыл ичинде тургузам деп жатат», — деди Жапаров нааразы боло.
Президент отель курулуп, иштеп кетсе каражат шаарга, элге түшөрүн, бут тосуучулук болуп жатканын айтып, «ушундай капачылык бар» деп бул факты боюнча сөзүн жыйынтыктады.
Андан соң коррупциялык иштердин дагы бир өзү маалымдар болгон фактысына токтолду.
Эске салсак, бир нече күн мурда Башкы прокуратура Ысык-Көлдөгү Тамчы аэропортунун маңдайындагы баасы миллион сомго чукулдаган  маалымат тараткан.
Өлкө башчы бул акимдерге, мэрлерге, министрликтерге, мамлекеттик кызматкерлерге эскертүү экенин айтты. Ал ичип-жегендерге карата мыйзамды катуулатып, чара колдонуу туурасында иштер жүрүп жатканын белгиледи.
«Бүгүнкү мыйзамдар боюнча корогон акчанын өзүн же эки эсе кайтарсын деген эле нормалар, беренелер бар. Биз беш эсе, он эсе кайтармайын түрмөдөн чыкпайсың деп мыйзамга өзгөртүү киргизели деп жатабыз (элдин арасынан туура деп колдогон үн чыкты – ред.). Жеген акчасынын өзүн эле кайтартып койсоң, «кайра төгүп берип коюп, түрмөдөн чыгып кете берем» деген көндүм адат болуп калат экен. 5-10 эсе кайтармайын чыкпайсың дегенде коркобу деп жатам», — деди Жапаров.
Булак:Аргумент кж