Садыр Жапаров Роналдиньо, Пуйолдор менен Кыргызстанда футбол ойномой болду

Садыр Жапаров Роналдиньо, Пуйолдор менен Кыргызстанда футбол ойномой болду

19-баш оона, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Президент Садыр Жапаров «Азия легендалары» командасында «Барселонанын» легендаларына каршы ойнойт. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактардагы баракчасында билдирди.

Эске салсак, 29-августта Жалал-Абад шаарында Кыргызстанда жана Фергана өрөөнүндө таланттарды издөө жана даярдоо үчүн 29-Барселонанын футбол академиясы ачылат. Ал КМШ өлкөлөрүндөгү атактуу клубдун биринчи академиясы болуп калат.

30-августта Д.Өмүрзаков стадионунда Бишкекте дүйнөгө белгилүү «Барселона» жана «Азия Легендалары» футболдук клубунун оюнчулары менен беттеш өткөрөт. Беттештин уюштуруучулары – Jalgroup Asia компаниясы – Роналдиньо, Карлес Пуйоль, Ривалдо, Эдгар Дэвидс, Хавьер Савиола, Людовик Жули, Франческо Коко, Жулиано Беллетти, Рональд де Бур, Сержи Бархуан, Джовани да Силва Хуан Карлос Родригес жана Хуан Антонио Гойкоечея сыяктуу футбол легендаларын алып келүүнү убада кылууда.

Өлкөгө «Барселона» клубунун президенти Жоан Лапорта да барат.

Уюштуруучулардын айтымында, билеттердин баасы стадиондун трибуналарында жайгашкан жерине жараша 2000 сомдон 8000 сомго чейин болот.

Булак: Аргумент кж