Бул тууралуу президент мамлекеттик резиденцияда Конституцияга кол коюп жатып билдирди:
“Буга чейинки бир дагы президенттин тагдырына жазылбаган нерсенин баары менин шыбагама жазылып калыптыр. Анысы аз келгенсип кризис, экономикалык кыйын кырдаалда иштеп жатабыз. Элибиздин жардамы менен муну дагы жеңип чыгабыз. Ага биздин эркибиз бар. Менин президент катары убактым аз экенин билем. Андыктан баардык күч аракетимди өлкөнүн өнүгүүсүнө жумшайм”-деп билдирди президент