
Садыр Жапаров менен Владимир Путин Кыргызстанда 3 мектептин курулушуна старт берет
01-аяк оона, 2023-ж // Саясат // Айпери ОсмоналиеваБүгүн, 1-сентябрда өлкө бшачы Садыр Жапаров менен Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанда кыргыз-орус мектепринин курулушуна старт берет. Бул туурасында президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Facebook аркылуу билдирди.
Ал белгилегендей, биргелешкен курулуш долбоорлорунун башталышын символдоштурган алгачкы кыргыз-орус 3 мектебинин курулушу үчүн мезгил кутусун салуу аземи өтөт. Ага Путин видеокөпүрө форматында катышат.
«Долбоорго ылайык, өлкөнүн бардык облустарында тогуз заманбап жалпы билим берүү мекемеси курулат. Курулуш иштери долбоорлоо-иликтөө иштери жыйынтыкталып, долбоордук-сметалык документтер даярдалгандан кийин келерки жылы башталат.
Алгачкы үч мектепти 2025-жылдын сентябрында пайдаланууга берүү мерчемделүүдө. Андан кийин жылына үч мектептен курулуп, ачылып турат. Натыйжада 2029-жылга чейин курулуп бүткөн тогуз мектепте 11 миңден ашуун окуучу билим ала алат», — деп жазды Султанбаев.
Булак: Аргумент кж