Садыр Жапаров: «Кыргыз аял кишини эч качан көчөдө калтырган эмес»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

«Кыргыз аял кишини эч качан көчөдө калтырган эмес». Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта Ак-Ордо-3 жаңы конушуна барганпрезидент Садыр Жапаров билдирди.

Президент жакында эле соттун чечими менен үйү түрттүрүлүп жана балдары менен барар жери жок калган Марал Шараболотова менен жолукту. Бул кабар коомчулукта резонанс жаратып, буга байланыштуу мамлекет башчысы маселени жеринде териштирүүнү чечкен.

Садыр Жапаров окуянын чоо-жайын сураштырып, жергиликтүү тургундар менен баарлашты. Аялдын үй-бүлөсү жер тилкесин он жылдай мурун ишеним кат менен сатып алып, салган үйдө жолдошу жана жашы жете элек төрт баласы менен жашап келген. 2017-жылы, мораторий маалында ушул эле тилкеге башка тараптар кызыл китеп алышкан.  Соттук органдар аялдын курулушун мыйзамсыз деп таап, аны бузуу чечимин кабыл алышкан. Абийирсиз тараптардын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында бул сыяктуу көйгөй көпчүлүк жарандарда болууда. Президент териштирүү жүргүзүү жана бардык күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу тапшырмасын берди.

Аргумент.kg