Садыр Жапаров иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат

Садыр Жапаров иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат

26-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Президент Садыр Жапаров 26-27-октябрда иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Анын айтуусуна караганда, мамлекет башчысы Жалал-Абад шаарынын күнүнө арналган иш-чараларга катышып, бир катар социалдык объекттердин курулушунун жүрүшү, ички жолдордун абалы, ошондой эле ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышат.
Майрамдык иш-чаралар — Аюб-Тоо тоосунда мамлекеттик тууну көтөрүү (башталышы 14:10дө) жана «Курманбек» стадионундагы майрамдык концерт (башталышы 18:30да) УТРК эфиринде жана социалдык тармактардын баракчаларында түз чагылдырылат.

Булак: Аргумент кж