Садыр Жапаров эл аралап жүрсө, Соке корунуп, коомчулукка чыга албай калды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

“Азия Молл” соода борборунан Садыр Жапаров жубайы менен эл аралап, тоок буттарын жеп, сүрөткө, видеого түшкөнү, коомчулукка жылуу маанай тартуулаганы байкалды. Колдоочулары алкап жатып калышса, каршы чыккандар кыртыштары сүйбөгөндөй сындашты. “Беш кол тең эмес” дейт. Элдин баарына жагуу кыйын. Ошол эле маалда президент эл аралап эркин жүрө аларын, жалпысынан жаман сөзгө кабылбаганын көрсөттү… Ушул жагдайдан улам Сооронбай Жээнбековду мисалга алып, салыштырып көрөлү. Учурда ал коомчулукка ээн-эркин чыга албасы, корунуп жүрөрү айкын. Бир курдай Соке мечитке бара калып, элден жеме угуп, ага карай атырылгандардан араң качып кутулганы соцтармактарга чыккан эле. Ошондон бери көзгө көрүнбөй, жашынып жашап жүргөнү айтылат. Ушундан өткөн азап барбы?

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg