Садыр Жапаров актёр Азиз Мурадиллаевдин операциясы үчүн 42 миң доллар бөлдү

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаевдин операциясы үчүн 42 миң доллар берди. Бул тууралуу Ассоль Молдокматова өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу билдирди.

Маалыматка караганда, аталган сумманы ооруканага актёрдун жубайынын колуна тапшырып кетишкен. Мурадиллаевдин операциясына акча чогултуу аяктады.

Буга чейин операцияга 45 миң доллар керек экендиги, бир түндө 3 миң доллардан ашык акча чогултулганы айтылган.

Азиз Мурадилаев буга чейин 2017-жылы Москвада бооруна операция жасаткан. Аны дарылоого каражат кайрымдуулук уюмдары аркылуу чогултулуп, негизги бөлүгүн  мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бөлгөн.

Аргумент.kg