Садыр Жапаров активисттер менен жашыруун жыйын өткөргөнү айтылды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бул тууралуу 24.kg басылмасы жазды.

Маалым болгондой, жолугушуу тууралуу маалыматты мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев менен басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков тастыкташты.

Бирок экөө тең жолүгушуунун темасы, катышуучулардын саны жана аты-жөндөрү тууралуу кененирээк маалымат берүүдөн баш тартышты. Жолугушуу жарыяланбай, аны чагылдырууга массалык маалымат каражаттары чакырылган эмес. Жыйынтыгында иш-чарадан бери беш сааттан ашык убакыт өтсө да пресс-релиз жарыяланган жок.

Эрбол Султанбаев бул жөнөкөй жарандар менен болгон жумушчу жолугушуу экенин билдирди.

Президенттин басма сөз кызматы, адатта, мамлекет башчынын бардык жолугушуулары тууралуу сүрөттөрдү, видеолорду жана маалыматтарды жарыялайт. А бул жолугушуу эмне үчүн жашыруун болуп жатат, түшүнүксүз.

24.kg өз булактарына таянып, жыйынга айрым журналисттер жана блогерлер катышканын маалымдады. Анда Садыр Жапаров жакшы нерселерди көбүрөөк жазгыла деп суранганы айтылат.

Аргумент.kg