Садыр Жапаров :  840 миң сомго аялдама курушуптур, анысы аялдамага эмес туалетке окшош экен

Садыр Жапаров : 840 миң сомго аялдама курушуптур, анысы аялдамага эмес туалетке окшош экен

31-бугу, 2023-ж // Саясат // Айпери Осмоналиева
Өлкө башчы Садыр Жапаров 840 миң сомго курулган аялдама боюнча пикирин билдирди.
«Бир жарым ай мурда Тамчынын аэропортуна барып кондум да, бери кайрылдым. Орой сүйлөсөм кечиресиздер, бир туалет турат, эми… аялдама (күлдү). Анын ким курганын тактадым. Башкы прокуратура бир нече күндөн кийин маалымат берди. Карасам, айыл өкмөт Кумтөрдөн түшкөн каражатка салып, 840 миң сом коротулуптур. Ошону мен 40 миңге да курбайт элем… 20 миң сомго салып коймокмун. Анан камалды, бүгүн эки эселеп төгүп жатат (жеген акчасын – ред.). Ал эми ошол жерге долбоорун чийдирип, жерге эки тарапка кеткен аялдаманы замандын талабына ылайык кылып, 328 миң сомго жасаттык. Беш күндөн кийин даяр болот. Ары-бери өткөндө өзүңүздөр мурункусу менен салыштырып көрөсүздөр. Эмне үчүн өнүкпөй келгенбиз… 30 жылдан бери жеп-ичип көнгөнбүз», — деди президент.
Жапаров бул сыяктуу Таласта болгон дагы бир фактыга токтолду. Ал жерде балдар аянтчасын жасоого 4 миллион 800 сом «жумшалганын» айтып, бирок «ал жерге 800 сом да кетпейт эле» деди.
Булак:Аргумент кж