Өлкө башчы Садыр Жапаров 2021-жылы 997 миң сом иштеп тапкан. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалыматында айтылат.
Ага ылайык, Жапаров 2021-жылы 997 803 сом иштеп тапкан, ал эми чыгашасы көрсөтүлгөн эмес. Ошондой эле мамлекет башчысынын наамына 0,6 гектар жер катталган. Ал эми жакын тууганынын наамында аянты 17,2 чарчы метрлик гараж бар.
Салык кызматы саясий кызматтагылардын 2021-жылдагы декларациясын жарыялады. Тизме башында президент Садыр Жапаров турат.