
Садыр Жапаров 20-августта Будапештке иш сапары менен барат
19-баш оона, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваПрезидент Садыр Жапаров 20-август күнү Виктор Орбандын чакыруусу менен Будапешт шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы маалымдады.
Өлкө башчы Венгриянын улуттук майрамына жана 19-29-август аралыгында өтө турчу жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк мелдешке байланыштуу иш-чараларга катышаарын белгилүү болду.
«Аталган иш-чарага башка мамлекет башчыларынын да катышуусу күтүлүүдө. Иш сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт», — деп айтылат билдирүүдө
Булак: Аргумент кж