Саясат

Садык Шер-Нияз Кыргызстандын Франциядагы элчиси болуп дайындалды

Садык Шер-Нияз Кыргыз Республикасынын Франция Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси жана БУУнун Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча уюмундагы (ЮНЕСКО) Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Дагы бир жарлык менен Осмоналиев Кайрат Медербекович Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *