Садыбакас ажы “Ихсандан” алган үйүн жабыкагандарга бермей болду

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Садыбакас ажы Доолов “Ихсандан” алган үйүнөн баш тартып, жабыкагандарга бөлүп бере турганын айтты. Бул тууралуу жабырлануучулардан бири, Өзгөн районунун  тургуну Мансур Акимов айтып чыкты:

“Устаз Садыбакас ажы “Ихсандан” алган үйүн кайрып бермей болду. Ал үйдү алдангандарга аз да болсо жардам болсун деп бөлүп берет.  Жок эле дегенде 30 адамга жетчү чоң каражат болот го. Садыбакас ажы эң туура кадамга барып жатат. Антепесе, блогерлерди эч ким айтпай аалымды жаман атты кылып жатышты эле. Устазды каралагандардын оозу эми жабылат бекен?”

 

Аргумент.kg