Сабыр Муканбетов, саясат талдоочу: “Эки дос душмандашса Соке менен Алёштун кейпин кийет”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Сабыке, 7-апрель жалпы улуттун кайгысына айланып калбадыбы… Ушул күнгө жеткирген Курманбек, Жаныш, Максим Бакиевдерге кандай баа берет элең? Буларга бийлик тарабынан тымызын жан тартуу машакаты коомчулукта колдоого алынабы же?..

— Жыл сайын 7-апрелди мамлекеттик деңгээлде эстейбиз. Мен үчүн 7-апрель менен 24-март элдик көтөрүлүш күнү. Криминалдык, үй-бүлөлүк, авторитардык системага каршы көтөрүлгөн эл Акаев менен Бакиевдин бийлигин төңкөрүп, өлкөдөн кууп чыккан күн!

Бул көтөрүлүштөрдө кан төгүлгөн, көтөрүлүшчүлөр жалпы элдик колдоого ээ болгон үчүн гана бийлик кулатылган. Жакындарынан айрылгандар үчүн кайгы, жалпы эл үчүн жеңиш күн! Албетте, ал элдик көтөрүлүштөрдүн көптөгөн максаттары ишке ашкан жок. Бирок ал көтөрүлүштөр, ким кандай дебесин, тарыхта баары бир кыргыз элинин чоң жеңиши катары эсте калат. Ошондон кийинки бийликтердин баары “кыргыз эли эч качан адилетсиздикке, акыйкатсыздыкка моюн сунбайт, тизе бүкпөйт!» деген аксиоманы тынымсыз кайталап калганы бекеринен эмес. Эл жексурларды кууп салып, көксөсү сууган, бийлик ээси ким экенин далилдеген күн!

Элдин эстутуму кыска, жакшы-жаман бат эле унутта калат. Бирок тарых унутпайт. Кечээки эле пандемиядагы оор, азаптуу күндөрдү бүгүн эстеген жан жок. Көтөрүлүштөрдү көпчүлүк баштагыдай эстебеген менен аны такыр унута албагандар да бар. Алар Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү. Бүгүн ошолор, айрыкча Бакиевдер (Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев бийликке келгени) медиа айдыңда айрыкча активдешип, көтөрүлүштөрдү каралап, өздөрүн актоого жандалбастоодо.

Садыр Жапаровдун эски президенттерди чогултканын да коомчулук канкорлорго жан тартуу катары баалап, акырында президент өзү кайпактап, “Курманбек Бакиев соттолгон, ал келсе камалат” дегенди айтканга мажбур болду.

Акчага абийирин сатып ийгенден кайра тартпаган, анча-мынча жугундуга деле ыраазы болуп, ажылдап үргөн иттерден айырмалары жок журналист, блогер, активист сымалдар жайнап кетти. Ошолор элдин башын айлантып канкорлорду актоо үстүндө далбасташууда.

Буюртма киши өлтүрүүлөрдүн саны 60тан ашып атканына карабай Жаныш Бакиевди 65 жылдык мааракеси менен куттуктап, жугундуга тоюнгандар ачык чыга баштаган кез. Менимче, мунун баары куру убара. Бул күндөр тарыхта чындык, акыйкат, адилеттүүлүк үчүн күрөш жеңиш менен аяктаган элдик көтөрүлүш катары калат!

— А мурдагы жылкы Октябрь төңкөрүшү кандай бааланат? Ал элдик көтөрүлүш болбой калабы?

— “Революция” деген “кескин бурулуш” дегенди эле туюнтат. Революция десең жакшы, госпереворот десең жаман эмес. Элдик көтөрүлүштө бийлик төңкөрүлүп атпайбы, демек экөө таптакыр эки башка түшүнүк эмес. Эл катышып колдобогон, жабык дворцовый же аскердик төңкөрүш болсо, ал башка. Ал эми жалпы эл колдоого алып катышкан окуяны элдик көтөрүлүш десең да, төңкөрүш десең да баары бир мааниси өзгөрбөйт.

Сооронбай Жээнбеков жалпы элдин сүрүн көрүп, кан төгүлбөсүн деп, талабын аткарып, бийлигин өткөрүп берди. Бирок ал Акаев менен Бакиевдердей болуп, жеке керт башынын, үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгы үчүн, авторитардык режим куруп, элдин канын соруп, мамлекеттин экономикасына олуттуу кесепетин тийгизип, элге жек көрүндү болгон жок.

Сооронбай Жээнбековдун катасы шайлоодо элдин пикирин эске албай, олигархтар менен кландардын жетегинде калып, элди көзгө илбей калганында болду. Бул албетте көптөр үчүн кечирилгис ката катары бааланды. Эл шайлоодогу адилетсиздикке каршы чыкты, оппозициянын талаптарын колдоду. Бирок, бийликтен кутула жадап, аны төңкөрүү ойлорунда да жок эле.

Ооба, эл көтөрүлдү. Элди көкүтүп, талаптарды күчөтүү шыкактоо менен коштолду. Адилеттүү, калыс, кайра шайлоо өткөрүү талабы кеңейип, “кетсинизмге” өткөндө, саясатчылардын көпчүлүгү каны кызып, бийликти колго алуу үчүн алакан ушалап тургандар борбордук аянтта атышууга чейин жетишти. Эки дос катуу активдешти, ташып келип багып атышты, ал экөөнү колдогондор басымдуу болду, оомат ошолорго ооп кетти.

— Эл ичинде, соцтармакта (фейктерди кошпогондо) бийликке карата колдоо кескин түрдө азайып кеткенин кандайча чечмелейсиң? Негизги себептерине токтолсоң?

— “Үмүтсүз шайтан” деп коёт эмеспи. Анын сыңарындай, бийлик алмашкан сайын эл жакшы өзгөрүүлөрдү, өнүгүүнү күтөт. Бийликтин кылып аткан жакшы-жаман иштери таразага салынып, талданып турат. Анан убакыт өтүп, көксөгөн бакубат жашоонун карааны көрүнбөгөн сайын ишеним азая берет. Баардык эле саясатчылардын рейтинги ушундай, башында бийик, анан төмөндөп, толкун сыяктуу, бирде өйдө, бирде ылдый…

Адамдар тездик менен жакшылыктар башталышын каалашат. Сыйкырдуу таяк жок болгон соң ал мүмкүн эмес. Эки дос башында абдан жигердүү киришишкен. Мурда болуп көрбөгөндөй кадамдарга барышты. Бирок “ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” демекчи, ресурстарыбыздын, мүмкүнчүлүктөрүбүздүн чектелүүсү, дүйнөлүк экономикалык абал, эл аралык мамилелердин таасиринен улам баалар асмандап, баары кымбаттап, жакырчылык күчөп барат. Эл деген эл, ал себептери менен иши да жок, баарын бийликтен көрө берет, нааразы боло берет.

Садыр Жапаров жандалбастап, күнү-түнү уктабай чаап жүрөт. Болгон ою эптеп бир алкышка татырлык иш кылып, элге жагуу. Жакшы ишти көп эле жасап аткансыйт, бирок татымы жок. Себеби жөнөкөй, баягы эле экономика, жакырчылык. Ал аз келгенсип айлана-тегерегин көпчүлүгү баягы эле жер куруткандар курчап алган. Өзү башында убада кылгандай кадрларды конкурс аркылуу дайындоо унутта калып, жолун тапкан шылуундар, ууру-кески, соттолгон, издөөдө жүргөндөрдүн дайындалып жатканы да Садыр Жапаровдун рейтингине кескин, терс таасирин тийгизип жатат. Ушундай жагдайлардан улам, Садырды “Кудайындай” көрүп, бийликке келишине чечүүчү роль ойногон – арматура менен асфальт сабагандар, “даканцашниктердин” көбү да айнып кетишти окшойт. “Көтөрүп атка салганыңан көтүмөн чымчып алганың өттү” демекчи, жалданган фейк пиарчыларынын аракеттери тетири натыйжа берип, элдин жек көрүүсүн ого бетер күчөтүп, рейтингин паска тартып жаткандай сезилет.

— Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин мамилеси мурдагыдай жылуу болбой, кайсы бир деңгээлде карама-каршылык жаралганы, тирешүү күчөп баратканы тар чөйрөдө айтылып келет. Ушул өңүттөн алганда, кандай саресеп, ой-жоромол жасайт элең? Эл үчүн экөөнүн достугу маанилүүбү же?..

— Эки достун фейктери эки жээктен ырдай калып жатышы, орто жерден Ташиевди коргоо комитети түзүлгөнү, силердин гезит өткөндө жазгандай экөөнү эл көптөн бери бирге көрбөй калышы ошондой миң түркүн талкууларга жол берүүдө.

Башында экөөнүн мамилеси тууралуу анча жакшы эмес пикир айткандарды баса калып тепкилеп ийчү фейк блогерлердин кескин азайышы да “ортодо бир мандем бар” дегенди билдиргендей. “Кусунду” талашыптыр, алтын талашыптыр, компроматтарды топтоп шантаж жасоо болуп атыптыр, ордуңду эртерээк мага бер дептир” деген ушактар эл ичинде желдей тарап жатат. Кайсынысы чын, кайсынысы калп, белгисиз. Айтор, шерттешкен эки достун тагдырына көзү ачыктык кылгым келбейт, бирок экөө душмандашса Соке менен Алёштун кейпин кийеринде шек деле жок. Душмандашпаган күндө деле экономика көтөрүлүп, элдин турмушу оңолууга багыт алып, жакырчылык чегинбесе Садыр Жапаровго кыйын эле болот. Өткөндө эки доско Аскар Акаев дагы “айт дегениңерди айтып бердим, бер дегениңерди да бердим, эми дагы эмне кылышым керек?” дегенде Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди олурая карап калыптыр…

Сурат Жылкычиев  «Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg