Сабыр Муканбетов, саясат талдоочу: “Эки дос ажырашса, мамлекетибиз күбүлүп түшпөйт да…”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Сабыр байке, өкмөт башчы Акылбек Жапаровду оппозиция эмес, президенттин колдоочулары жамандашып, кетирүүгө жандалбастап жатышканы жашыруун болбой калды. Соцтармакты карап атсаңыз керек. Мындай көрүнүштү кандайча чечмелейсиз? Ички “оюндарга” коомчулук түшүнбөй калгандай… 

— Ар кандай жоромолдор айтылууда. “Эки дос кызык экен, камап салышат. Аларга теңелип балээге калганча, андан ылдыйраак жагын жулмалап туралы дешкен го?” дегендерди угуп атабыз. Атактуу акындардан бери жалдап жибергендерине караганда, демилгечилердин дымагы күч сыяктуу. Эл ичинде “бийликти жактырбай, кандай да болбосун кулатууну көздөп, ачык каршылашканга батынбай, тымызын аракет кылып аткандар, камалгандардын жакындары, “орун алмашуулар болуп кетсе, багыбыз ачылып, чоңураак устукан тийеби?” деп үмүттөнгөн орун басарлар, 01дин жан-жөөкөрлөрү, АШАнын колдоочулары, бейстабилдүүлүктү көздөгөн сырткы, ички ж.б. күчтөр болушу мүмкүн” деген миң түркүн кептер жүрүп жатат.

Чынында эле таңгалычтуу. Эмнеге Садыр Жапаровду туруктуу колдоп келе жаткан колдоочулары, фейктери, “дакансалары”, капыстан эле анын баш вазири Акылбек Жапаровго ачыктан-ачык асылып жамандай башташты? Президент өзү “мага асылбаса болду, муну тепкилей берсин” деп жамандатып атабы? Же президенттин командасында, эки достун ортосунда ажырым күч алып, Камчыбек Ташиевдин тилинен чыга албаган чиновниктердин айрымдары президентти көзгө илбей тымызын жылжытып жатабы? Учурда ушундай суроолор абада калкып, жандырмагын биле албаган коомчулуктун башы маң болуп турат.

Акылбек Жапаров деле “кабагым-кашым” дебей ишин кылып атканына караганда, “мейли билген богун жешсин, болгон аракетимди кылып иштеп атканымды шеф билсе болду” дегендей, соккуну өзүнө алып, громоотвод болуп бергенине топук алгандай түрү бар. “Кимдин ким экенин билип алалы” деп экөө сүйлөшүп алганбы?..” деген да ой кетет экен.

“Өкмөттү баш ылдый шыбап, өкүртө тепкилейбиз” деген аракет, кандай болгон күндө да аянтка тизилген жүздөгөн жаңы автобустар менен өрт өчүргүч машиналардын көлөкөсүндө калганын да айтпасак болбос. Эми кандай болот? Ар дайым ушундай асылууларды көлөкөсүндө калтырчу жооптор болобу? Же таз кейпибизге кетип, “куушмай оюнубуз” кайтадан башталабы? Аны бир Кудай билет, анан бир убакыт көргөзөт.

Ал эми кызматтан кетүү тууралуу Акылбек Жапаров “өмүр бою эч ким отурбайт. Ким болбосун качан да болсо бир күнү кетет, ага баш оорутуп, убакыт коротуу кажетсиз, иш көп, иштеш керек” деген жообун берген.

— Айрым маалыматтар боюнча алсак, Камчыбек Ташиевдин таасири бийлик башкарууда үстөмдүк жасап, ошонун айынан ага каршы прокуратура, милиция системалары иштеп жатышабы? Негизи Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин достугу түбөлүктүү болобу? Эгерде экөө ажырашып кетишсе, мамлекеттин тагдырын кандайча элестетебиз?

— Бу биздин дүйнөдө эмес, ааламда түбөлүктүү эч нерсе жок. Эки президент качып кеткенден кыйрабаган мамлекетибиз эки дос ажырашкандан күбүлүп түшпөйт да. Албетте стабилдүүлүк бузулат, жарандар жабыркайт, өнүгүү басаңдайт, артка кетебиз. Болгону ошо. Ошондуктан тополоңсуз, мыйзам чегинде, мөөнөтү келгенде, шайлоо жолу менен бийлик алмаштырганды үйрөнүшүбүз керек. Ансыз болбойт.

Эки достун бийликти алышына, албетте, Камчыбек Ташиевдин эмгеги зор. Ошого байланыштуу анын дымагы, таасири күчтүү. Айрым учурларда президентти укпай, өзүмбилемдик кылып, мамлекеттик структураларды оозеки буйрук менен башкара берери тууралуу кептер эл аралап жүрөт. Бу темага эки дос да кайрылууга мажбур болушкан. Садыр Жапаров да, Камчыбек Ташиев да моюндашпай, мыйзам чегинде гана аракет кылышарын, досчулукту мыйзамдан жогору коюшпагандарын таккесе айтышкан. Бирок, сөздөр аны менен токтоп калган жок. Күчөгөнү гана байкалууда.

Буга чейин прокуратура менен милиция чекисттерге баш көтөрө албай, УКМК гана тигилерди чыркыратып келгенин билесиңер. Анан өткөндө Оштун УКМКсына ИИМдин спецназы кол салып, мушташып, эшигин талкалаганда элдин баарынын оозу Ошту карап калды. Кеп чынында президенттин колдоосу болгон үчүн ички иштер министри менен башкы прокурор ошондой чечкиндүү кадамдарга барышты да. Болбосо биринчини тоготпогон экинчи паашага тиш салыш кайда?.. Ошентсе да чоңуна таянып, Кудайын тааныбай бараткан чекисттердин жоруктарын жүйөлүү фактылар менен мамлекет башчынын алдына койгон башкы прокурор Курманкул Зулушев менен ички иштер министри Улан Ниязбековдун аракеттери да мактоого арзыйт. Кандай дегенде да бул инцидент коррупцияга каршы күрөш алкагындагы акмакчылыкты ооздуктоого жасалган алгачкы ири кадам болду. Түштөн кийин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин “мага доложит этилген, баарын билчүмүн” дегенсип актанууга мажбур болгону ачык көрүнүп, “билсең эмне өзүң камаган жоксуң?” деген суроолор жоопсуз калды.

Садыр Жапаров эл көзүндө бул жерде чоң упай алды. Эч нерсени, керек болсо өзүн да айрым учурда көзгө илбей бараткан досун мыйзамдын укуругу менен ордуна койду. Эми укук коргоо органдары ич ара аракеттерин мыйзам чегинде алып барбаса, жоопко тартылуу коркунучу бар экенин түшүнүштү. Албетте, бул колдоого аларлык кадам, баарына сабак.

— Өмүрбек Текебаев болжогон кезексиз президенттик шайлоо кайсы мезгилде өтүшү мүмкүн? Алдыда жаз, күз бар…

— Өмүрбек Текебаев ал сөздү бир жарым жыл мурда айткан. Быйыл да ошондой ойдобу? Биз аны билбейбиз, сурап көрүш керек. Кезексиз шайлоо болуп калса, катышса керек, жаш курагы боюнча акыркы шансы эмеспи. Камактагы ага өмүрүн арнаган кемпирлерди кыя албай, же бюргерлердин сырасы менен сарделкисин кыялбай… ал досума азыр өтө кыйын болуп атат. Ичкени ирим, жегени желим болуп кыйналып жүргөнүн сезип эле турам. Эми пайгамбар жашынан өткөн адамды “антпейсиң, минтпейсиң” деп айыптаган да туура эмес. Пенсия курагындагы адам жатып алса, “чарт” жарылып аламанга аттанса да өз эрки.

— Учурдагы оппозиция лидерлери катары кимдердин фамилияларын атай аласыз? Деги эле бийликке каршылык көрсөткөндөр боюнча алсак… Аныгында, оппозициянын келечеги барбы? 

— Оппозиция келечеги бар-жогуна карабай болушу керек. Оппозиция жок болсо, аны түзүү зарыл. “Оппозицияны камап, куугунтуктап, кырып-жоюп жок кылып салып, жыргап-куунап жашап калам” деген – катуу жаңылыштык. Ачыкка чыккан оппозиция жок болсо да, ал ар дайым бар. Элдин жүрөгүнүн түпкүрүндө жашайт. Калыстык, чындык, адилеттик жок болсо, ал сөзсүз сыртка чыгат. Коркутуу күчөсө чээнге кирип кетет, бирок акыры чыгат, чегине жеткенде. Элдин деми, колдоосу күчтүү болсо, окко тике жүгүргөндөр жайнап кеткенин көрдүк го…

Аныгында уучубуз куру эмес. Оппозиция катары Канатбек Исаев, Ахматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров, Бектур Асанов, Мелис Мырзакматов, Жеңиш Молдокматов ж.б. жаштар жетиштүү. “Бөрү карыса да бир койлук алы бар” дегендей, ресурсу түгөнө элек Өмүрбек Текебаев, Туйгунаалы Абдраимов, Аликбек Жекшенкулов, Өмүрбек Суваналиев, Мамбетжунус Абылов, Абдыганы Эркебаев, Бекболот Талгарбеков баш болгон абройлуу аксакалдарыбыз да бар. Жаңыл Мырза сындуу Жылдыз Жолдошова, Аида Салянова, Клара Сооронкулова, Орозайым Нарматова сыяктуу кандан бектен кайра тартпаган кыздарыбыз турат…

Жамиля Нурманбетова 

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg