Сабыр Муканбетов: “Кыргызстан үчүн Россия–Беларусь биримдигине киргенибиз туура жол”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Сабыке, бир топ саясатчы, активисттер түрмөдө жатышат. Алардын тагдырларына кандай ойдосуң? Камалгандар чын эле бийлик үчүн кооптуу беле? 

— Биздин соңку жаңы тарых тополоңдор менен коштолуп келе жатпайбы. Адилеттүүлүктү, демократияны, өнүгүүнү талап кылуу нааразычылыктарга айланып, арты төңкөрүш менен аяктап келет. Эки эл башчыны кууп жибердик, жүздөгөн адамдар забын болду. Бийлик алмашат, бирок өзгөрүү жок, улам жаңы нааразычылыктар чыгууда. Анан ошону көрүп-билип турган бийлик, албетте, кооптонот, чара көрөт. “Эл адатынча сүрмө топ болуп кошулуп кетсе, куулабыз!” деп чочуду окшойт. “Күнөөлөрү бар болгон үчүн чочуп атышат” деген ой да келбей койбойт. Коомчулукта кандай болгон күндө да нааразычылыктар өсүп атат. Ошондуктан аларды сен айткандай, “бийлик үчүн кооптуу” десек да болот.

Кыргыз “түрмөгө жылан жатпасын” дейт эмеспи. Камалгандардын тагдырлары албетте кооптондурат. Бирок алар ошону билип туруп барышты. “Жакшы ат кермеде, жакшы киши түрмөдө” деген кеп бар. Ден соолук болсун. Өмүр бою жатышмак беле? Акыры чыгышат да. Балким кай бири Садыр Жапаровго окшоп бийликке келип калышы да толук мүмкүн.

Бийлик албетте, бир жыйынтык чыгарып, эл ишенимин сактап калууга аракеттенип атат, мурдагыларга караганда бир топ иштер жасалды. Ошол эле учурда бийликтин айлана-чөйрөсүнөн башпаанек табышып, марып аткандардын көбүнөн эбак эле эл иренжип бүткөн. Такыр эле жек көрүндүгө айлангандар арбын. Алардан арылыш чынында кыйын. Анткени көбү жакындар, кыйбастар, табакташтар болуп аткандай. Анан алардын баарын кууп ийип, “дакансалар” менен калабы? Анда соодасы тез бүтөрүн билишет. Кыскасы, бийликке деле оңой эмес.

“Оппозициябыз” деп чыгып аткандар деле мурда-кийин бийликте жүрүшүп, ишеничти актабаган, эч нерсе кыйратпаган, амбициясына ээ боло алышпагандар. “Мен эмнеге сыртта калышым керек?” деп кайрадан ашка аралашкысы келгендер да. Жаңылануу аз. “Жаштар” дейбиз, аларды да көрдүк го? 2020-жылы октябрда, бирден креслого сатылып, тез эле сыртка чыгып калышты. Эл деле оппозициябыз дегендердин сырын билип, түңүлгөнсүп калды. Ошон үчүн баштагыдай оппозицияга болгон ишеним аз, колдоо дээрлик жокко эсе болуп, көпчүлүк эмне кыларын билбей дендароо болуп турган заман.

— Ошентип, бийликке олуттуу сын айткандар камалып кетишти. Коомчулук убактылуу тунжурай түшкөндөй болуп, каршылык көрсөткөндөр да суюлуп калгандай. Оппозициянын үнү угулбаса, биз Түрмөнстандын кейпин кийгенге жакындап бараткан жокпузбу?

— Отузга чамалуу оппоненттердин камакка алынуусу, сен айткандай, коом ичиндеги чыңалууну басаңдатып, соцтармактардагы акыйнек да солгундай түштү. Алар камалбаса курултай маалында сөз эркиндиги (!) деп жөө жүрүшкө чыккандар арбын жана активдүүрөк болмок. Бирок коомчулук тарабынан аларга төңкөрүш жасаганчалык колдоо жок эле. “Коркконго кош көрүнөт” болуп камаштыбы, же “музоо кезинде сүзүп коёлу” дештиби, анысын ким билсин? Эми “болору болду, боёосу канды” демекчи, Кемпир-Абад кетти, курултай өттү, эми четинен бошотуш керек да, аларга боор тарткандарды арбытпай.

Райондук, шаардык соттордо жакшы эле пиар болду, эми Жогорку соттогу чуулдак кимге керек?  Менимче, “карыган уйларды” бошотуп, “музоолорун” сүзө беришет болуш керек, “затищье перед бурей” кылбай… мээлери жетсе дегеним.

Биз деле балким башынан катуу кысымга кабылганда, кабыргабыз кайышып, авторитаризмге моюн сунганда Орто Азиядагы республикалар сыяктуу бизде да “хандык” орноп калмак. Эгемендик алгандан берки өмүрүбүздө адилеттик, акыйкаттык үчүн тикесинен тик турган эл катары дүйнөгө таанылып, демократиялык багытта өнүгүүнү кааларыбызды жар салып, авторитардык багытка ыктаган бийликтерибизди кууп салган элбиз. Ошондуктан, мен ойлойм, биз эч качан Түркмөнстан болбойбуз.

Хотя, бийлигиң “эл” деп турса, уурдабаса, адилет болсо, калың катмар бийликке ишенип колдоп турса, башкача айтканда, элдик бийлик болсо эмнеси жаман? Демократия деген ошо эмеспи! Же эмне, демократия, элдик бийлик Батыш үлгүсүндө гана болуш керекпи? Щольс менен Макронго окшоп немистер менен француздарга эмес, Американын кызыкчылыгына иштемейин демократия деп эсептелбейби? Демократия деген эмне экенин аңдабай эле адыраңдап келе жатабыз. Дүйнө артка кайткыс болуп өзгөрүүдө. Ошону ойлоп талдоого убакыт келди.

— Негизи биз өз алдынча түптүү эл, кубаттуу мамлекет кура албай, экономикалык, социалдык жагынан кыйла эле аксап калдык. Карапайым калктын жашоо шарты барган сайын итке минүүдө. Ички ынтымагыбыз да кедеринен кетти. Мындай жагдайда Россиянын курамына кошулууну айрым билермандар айтышууда. Деги кантип жан сактасак болот? Мамлекет боло албай калдыкпы? 

— Негизи, кубаттуу, заманга шай мамлекет куруу үчүн 300 миллиондон кем эмес элиң, ошончо эл кенен бата турган жериң, сууң, кен байлыктарың болуш керек экенин окумуштуулар эсептеп айтып жатышат. Болбосо мамлекетиңди коргой турган армия, аны куралдандыруу, фундаменталдык илимди, ж.б. өнүктүрүү, каржылоо мүмкүн эмес. Анан ошонун баарын эске албай эле “күн тукумубуз, байыркы элбиз, сакалдуубуз, учаны бизге тарткыла!” деп опурулуп келебиз. Азыркыдай кооптуу, ресурс тартыш, эч кимди аябаган заманда оюна келгенди жасай албайсың. Төшү түктүүгө туш келсең, арка-мойнуң астыңда калат. Жок болосуң.

Учурда адамзат чоң тиреш – дүйнөлүк согуш астында турат. АКШ башында турган НАТО менен Россия Федерациясы кагылышып, орустар англосакстар башкара турган бир полярдуу дүйнөдөн баш тартууда.

Россия, Кытай, Индия, Араб өлкөлөрү, Иран, НАТО мүчөсү болгон Түркия Евразия континентиндеги стабилдүүлүктү АКШсыз камсыздап, өзүнчө борбор болорун ишке ашыруу аракеттерин көрүүдө. Африка, Латын Америка мамлекеттери да баш көтөрүп, БРИКСке, ШОСко кошулууга камданып, билдирүүлөрдү жасап, пландап жатышат.

Келечекте көп полярдуу дүйнө куралып, тыгыз интеграцияланган 5-6 күч борборлору (б.а. 5-6 же он чакты ири державалар) түзүлүп, майда мамлекеттердин баары ошолор менен интеграцияланып, АКШнын гегемондугу жоюлары айкын болуп баратат. Же ядролук курал колдонулуп, адамзат жок болот. Башкасын көрбөй турам. Себеби, ядролук держава Россия да, Бирдиктүү Батыш да артка кайтпастыгы белгилүү болуп калды.

Анан айлана-тегерегиңдеги коңшулардын баары биригип атса кайда барасың? Айрым келесоолордун тилине кирип, “коңшуларга барчу жолду кетмендеп салып, аэроплан менен катташып, Америка менен бирге болобуз” дегендерге кошулуп, коңшулар менен жоо болуп, Украинанын кейпин кийебизби? Албетте, жок! Биз коңшулар менен бирге болуп, тыгыз интеграцияга барышыбыз керек. Өткөндө ушундай “Россияга кошулабыз” деген бир-эки жарандарыбыз катуу таландыга калды. Албетте, Россиянын бир облусу болуу идеясы жаңыдан эгемендикке жеткен элибизге жакпайт. Бирок эмне үчүн, мисалы Россия–Беларусь биримдигине кирүүгө болбосун? Биз ШОС, ЕАЭБ боюнча Россия менен ансыз да өнөктөшпүз, интеграцияны тереңдетели. Кыргызстан үчүн Россия–Беларусь биримдигине киргенибиз эң туура жол деп эсептейм.

— Россия–Украина согушунун аягы кандай бүтөт? Дал ушул көрүнүштөн, жоготуулардан дүйнөлүк коомчулук сабак алабы?

—Россиянын атайын аскердик операциясы башталгандан бери 8 ай болду. Крым көпүрөсүнө жасалган террордук актыдан кийин орус куралдуу күчтөрү соккусун күчөтүп, мобилизация кылып, аскерлерин көбөйтүп, жер тоӊсо ири чабуулдарга өтөрү айтылууда.

Батыш өлкөлөрү Украинага курал, каражат бөлгөндү токтотпостугун айтканы менен иш жүзүндө резервдери азайып, тажап, ич ара келишпестиктерге такалып, тереӊ ойлонбой кабылдаган санкциялары өз баштарына муш болуп, энергетикалык кризис күч алууда. Кечээ эле 9-пакет санкциясын кабыл ала албай кызыл чеке болгону турушат.

Украинада электр жарыгы, суу менен камсыздоо кыйындап, электровоздор жүрбөй, тепловоз издешип, аны тапса темир жол, көпүрөлөр талкалангандыктан фронтту ок-дары, курал-жарак, тамак-аш менен камсыздоо кыйын болду.

Батыш болсо санкциялары орус экономикасына караганда Европага чоӊ кедерги апкелгенин ич ара моюндаганы менен, АКШнын айтканынан чыга албай алпурушуп, орус энергоресурстарынан баш тартуу, баасын чектөө менен алек. Жакында орустун кыйрап жеӊилишине көзү жетпеген АКШ эки ортодо суюк газын 4-5 эсе кымбат сатып, Европанын экономикасын шылып түшүп, бир эле Германиядан 300 миӊге чукул ишканалар АКШга көчүп атканы айтылды.

Мындай жагдайда Бирдиктүү Батыш биримдик менен жеӊишке жетери күмөн. Россиянын жогорку технологиялуу өндүрүштөрү аксаса да, экономикасы кыйрабастыгы далилденди. Азык-түлүк жагынан толук камсыз, запастары 10 жылдан ашарын экономисттер эсептеп чыкты. Мындай жагдайда Бирдиктүү Батыш Россияны талкалап, бөлүп, тоноп кетүү планын ишке ашырарын кесе айтуу кыйын.

Душманынын негизги максаты Украинага жардам берүү эмес, орустун куралдуу күчтөрүн алсыратуу, санкциялары менен орус экономикасын кыйратуу, бөлүп тоноо, мамлекетин жок кылуу экенин Россиянын көп улуттуу калкы тереӊ түшүнүп, биримдигин чыӊдап, батышчылдары менен чыккынчыларынан арылып, “бизге жеӊиш гана керек!” деген дем менен турат.

Сурат Жылкычиев 

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg