Спорт

СҮРӨТ — Акжол Махмудов: «Мен чарчадым…Адамдар баарына, айрыкча аларга тиешеси жок нерселерге кийлигише берет»

“Токио-2020” жайкы Олимпиада оюндарында күмүш медалга ээ болгон балбан Акжол Махмудов өзүнүн инстаграм баракчасынан чарчаганын билдирди.

“Адамдар баарына, айрыкча аларга тиешеси жок нерселерге кийлигише берет…Мен чарчадым. Мен азыр физикалык жактан чарчоо тууралуу айткан жокмун…”,-дейт балбан.

Белгилей кетсек, Балбан азыркы жетишкендиктерине салым кошкон атасы, эжеси(атасынын карындашы) жана машыктыруучуларына ыраазычылык билдирип, пост жазып чыккан. Көп өтпөй, Таңсулуу Айдарова атту айым “Акжол Махмудовдун апасымын” деп жергиликтүү басылмалардын бирине маек берген. Аталган маек коомчулукта катуу талкууга алынып, бири спортчуну колдосо, бири анын жетишкендиктерине апасынын салымы дагы чоң экенин айтышкан.

Открыть фото

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *