Рыскул Жапаркуловду чүйлүк генералдар сүрөп баштадыбы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Учурда министр Улан Ниязбековдун орду бекем. Позициясын чыңдап алган. Эң башкысы, президент Садыр Жапаров жана өкмөттүн орун басары Камчыбек Ташиев менен көз караштары, жылдыздары төп келишет. Өлкөдө туруктуулук да сакталып турат. Мындай шартта кайсы бир күчтөрдүн Улан Ниязбековдун ордуна кызыгуусу мүмкүнбү? Кептин баары ушунда болуп жатпайбы… Бакирдин Субанбеков баштаган чүйлүк генералдар тымызын копшолушуп, панфиловдук Рыскул Жапаркуловду министр кылууга ашыгышканы кандай? Жазга карай даярданып жатышабы? Өлкөдө өзгөрүүлөр болушу ыктымалбы? Бул таризде ар кандай күбүр-шыбырлар орун алууда. Азырынча бир беткей божомол айта албайбыз. Ал эми полковник Рыскул Жапаркуловдун жайына келсек, бул кадр Сокулук РИИБнин начальниги, ИИМдин орун басары сыяктуу бир катар жетекчилик кызматтарда иштеген. Амбициялуу. Анча-мынча генералдарды тоготуп да койбойт. Калганын убагы келгенде ачыктайбыз…

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg