Саясат

Рыскелди Момбеков: «Мени шайлоодон четтеткенге мыйзам жол бербеди ”

19-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Рыскелди Момбековдун дипломду мыйзамсыз алганы боюнча маалымат каралды. Анда Момбеков мындай маселе жаралып каларын билбегенин, билсе көйгөйдү чечип коюуга мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи. Тагыраагы, ал жоголгон дипломун кайра калыбына келтирип коймок. «Диплому жасалма деген тергөөнүн бүтүмү. Бирок мыйзам мени шайлоодон четтеткенге жол бербейт. 57-беренеде ар бир адамдын күнөөсү тергөөдө же сотто далилденмейинче кылмыш же жорук жасаган деп эсептелбейт. Бул Конституцияда каралган. Мен УКМКнын маалыматынан мени күнөөлүү деп далилдеген өкүмүн көргөн жокмун. Менде азыркы учурда абсолюттук кол тийбестик макамы бар. Диплом боюнча иш 2020-жылы ачылган, анда эмне үчүн мени былтыр талапкер кылып каттады? 1 жыл 8 ай бою бул ишти эмнеге кармап отурду? Мен октябрда талапкерлигимди каттоодон өткөрдүм. Жоголгон дипломдун көчүрмөсүн, жоголгондугу боюнча материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынганы боюнча көчүрмөнү, министрликтин мага жазган катын бердим, карап чыксаңыздар болот. Менин дипломумду текшергенге БШКнын ыйгарым укугу жок да. Муну УКМК сотко алып барыш керек болчу, сот далилдей турган иш да. Эгерде мен ушундай иш кылган болсом, «Ала-Тоо» аянтынан элден кечирим сураганга даярмын», — деди Момбеков. БШКнын төрайымы Шайлдабекова: «Мурда депутаттарга жогорку билимге ээ болуш керек деген талап жок болчу. Бул талап мыйзамга киргизилип, 27-августтан тарта күчүнө кирди. Ошондуктан депутат катары сиз мурда суралган жоксуз, эми суралып жатасыз», — деди. Буга чейин Рыскелди Момбеков жогорку билими боюнча дипломду мыйзамсыз алганын УКМКнын Тергөө башкы башкармалыгынан маалымдаган. «Социал-демократтар» партиясынан Рыскелди Момбековдун жасалма диплому бар деген УКМКнын билдирүүсүнө комментарий берип, дипломдун күтүүсүздөн текшерилиши оппозициядагы депутатка басым жасоо аракети менен түшүндүрүшкөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *