Руслан Казакбаев уулун үйлөнтүп, Бакыт Сыдыков өкүл ата болду…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кыргызстандын турциядагы элчиси Руслан Казакбаев 6-күнү 10-декбарда уулун үйлөнтүп “Ала-Тоо” ресторанында чоң той берди. Тойго президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевден башка болгон чиновниктер барышты. Бакиевчи, Атамбаевчи, Жээнбековчу, Жапаровчу болушуп, башкача айтканда ак көз, кара көз дебей текши чогулуп катуу күүлдөштү.

Канткен менен Руслан мырза мыкты дипломат эмеспи, эч кимди бөлбөй баарынын башын кошуптур.

Тойдун шарапатына ылайык, уулуна “Ата-Журт” фракциясынын лидери Бакыт Сыдыковду өкүл ата шайлады. Биринчи баласынын өкүл атасы Өмүрбек Бабанов болчу.

Айтмакчы, тойдогу кызыктуу жагдай  Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиевге президент барбаган соң, мамлекеттеги экинчи адам катары сөз берилсе, “мен Ахматбек Келдибековдун алдында биринчи сөз сүйлөбөйм” деп койду. Бул көрүнүшкө ар ким ар кандай сын айтып, кошоматчы адам, өз даражасын, өз ордун, сыйын билбейт тура деп баш чайкашыптыр, ошол жердеги аттуу-баштуулар…

Аргумент.kg