Америкалык ырчы бриллианттарды кооз ырдап эле тим болбостон, аларды өзүнүн образдарына чебердик менен киргизет. Кыз бутунун манжаларына массалык шакек тагынууну социалдык тармактарда көрсөткөн.
Сүттүү педикюр жана ачык бийик такалуу сандал — бул өзүнчө эле жарашыктуу айкалыш, бирок жылдыздын айтымында, сүрөттү кооздоп көрүш керек. Мисалы, бутунун бармагына чоң бриллиант шакек тагынуу.
ТикТоктогу видео буга чейин 890 миң көрүүнү чогултуп, күйөрмандары тамашалап жатышат: колдору үчүн зер буюмдарын топтогонго үлгүрбөй эле, буттары үчүн шакектерге акча чогултушу керек.
Булак:Аргумент кж