
Режиссёр Актан Арым Кубатка Франциянын даражалуу сыйлыгы тапшырылды
27-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваКР эл артисти, белгилүү кинорежиссёр Актан Арым Кубатка Франциянын искусство жана адабият орденинин кавалери наамы тапшырылганын Маданият министрлигинен
Билдирмеге караганда, сыйлыкты режиссёрго Франциянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Франсуа Делаус тапшырып, Актан Арым Кубаттын чыгармачылыгы менен таанышы бар экенин, анын тасмалары Франциянын кино театрларында үзгүлтүксүз көрсөтүлүп тургандыгын белгилеген.
«Бул даражалуу сыйлык 1957-жылы Францияда негизделген. Ал Францияда жана дүйнөдө искусство, адабиятты өнүктүрүүгө зор салым кошкондорго ыйгарылат. Буга чейин аталган сыйлык дүйнөдө саналуу гана инсандарга берилген», — деп жазылат маалыматта.
Булак: Аргумент кж