Равшанбек Сабиров кызматынан бошотулду
26-аяк оона, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваРавшанбек Сабиров Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчилигинен бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциянын 71-беренесинин негизинде, Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров өз каалоосу боюнча ээлеген кызматынан бошотулду.