Рахат Жунушбаевага уюшкан кылмыштуу топтор кызыга баштадыбы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бизде уюшкан кылмыштуу топтор (УКТ) күчөп кетти. Соңку убакта ишкерлерди тоноо, аткылоо, ур-токмокко алуу көнүмүшкө айлангандай. Көпчүлүк карактоолордун бети ачылбай калууда. Мындай шартта УКТлар кадимкидей жанданышып, кирген суудай күчөп баратышат. Алар да кыйын анализ кылышат тура. Алдын ала баарын болжошуп, план түзүшүп. Айрыкча ишкерлигин пиар кылгандарды, коомчулукка башы көрүнгөндөрдү торой чалышып, “аңчылыктарын” улантып келатышпайбы, туурабы? Мындай шартта таскагы катуулап бараткан миллионер Рахат Жунушбаева кылтакка илинип калбайбы? Кеп кеттиби? Айтор, күдүк суроолор туула баштады. Биз ушул жагынан сарсанаага батып турабыз, жамандыктан алыс болгой эле…

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg