Прокурорлорго төлөнчү кенемте азайтылды. Мыйзамга кол коюлду

Прокурорлорго төлөнчү кенемте азайтылды. Мыйзамга кол коюлду

24-теке, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Президент Садыр Жапаров «Прокуратура жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол коюлду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өлкө башчы мыйзамга 2023-жылдын 24-июлунда кол койду. Конституциялык мыйзам 2023-жылдын 29-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамда мамлекеттик камсыздандыруу органдары камсыздандыруу суммасын төмөнкүдөй учурларда төлөп берери белгиленген:

1) прокурор жана тергөөчү өз кызматтык милдеттерин аткарып жатып, курман болгондо (өлүмгө учураганда). Курман болгондун үй-бүлөсүнө анын акыркы кызмат орду боюнча жыйырма орточо айлык эмгек акысынын өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөнөт. Курман болгондун үй-бүлөсүнө кызматкер курман болгон учурда орун алган шарттарда жана негиздерде бардык шарты бар турак жай алуу укугу сакталат;

2) прокурор жана тергөөчү кызматтык милдеттерин аткарып жатканда мындан ары кесиптик иши менен алектенүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган мертинүү же майыптык алганда, төмөнкүдөй өлчөмдөрдө бир жолку камсыздандыруу суммасы төлөнөт:

а) I топтогу майыпка – акыркы кызмат орду боюнча он орточо айлык эмгек акы;

б) II топтогу майыпка – акыркы кызмат орду боюнча сегиз орточо айлык эмгек акы;

в) III топтогу майыпка – акыркы кызмат орду боюнча беш орточо айлык эмгек акы.

Мыйзам прокуратура органдарынын жана башка укук коргоо органдарынын кызматкерлерине каралган төлөмдөрдүн тең өлчөмдүүлүгүн камсыз кылууга багытталган.

Булак: Аргумент кж