Саясат

Президенттин кортежи дагы кырсыкка учурады деген маалымат тарады

Бүгүн, 10-сентябрда Президент Садыр Жапаровдун кортежи кырсыкка учурады деген маалымат тарады. Муну айрым фейсбук колдонуучулар өз баракчаларында бөлүшкөн.

Фейсбук колдонуучу Назира Бегим өзүнүн баракчасында: “Бүгүн Ананьеводо Президенттин кортежи дагы авто кырсыкка учурады. Сүзүп алган айдоочу мас абалында болгон”, – деген маалыматты бөлүшкөн.

Андан сырткары Сезим Талантбекова аттуу Фейсбук колдонуучу дагы Президенттин кырсыкка кабылганын жазып, видео менен бөлүшкөн.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 6- июнунда Президенттин кортежи Ысык Көл облусунан автокырсыкка учураган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *