Саясат

Президенттин басма сөз катчысы: Мен президент уулун урушуп, бул иштерди токтотот деп ойлойм

Президент Садыр Жапаровдун туугандарынын саясий процесстерге аралуушусу тууралуу позициясы өзгөрүлгөн жок. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Мамлекет башчысы буга чейин бир нече жолу жакын туугандарына саясий процесстерге аралашууга, ошондой эле жогорку мамлекеттик кызматтарды ээлөөгө уруксат бербей турганын белгилеген», — деди ал.

Депутат Дастан Бекешев соцтармактагы баракчасында президенттин уулу Рустам Жапаров депутаттыкка талапкерлер менен жолугуп жатканын билдирди.

«Ал атасына зыян тийгизип алышы мүмкүн. Бизде баштан өткөн окуялар бар, эки президент ушундай иштер менен алектенген. Мен президент уулун урушуп, бул иштерди токтотот деп ойлойм. Бул өлкөгө, үй-бүлөсүнө аброй алып келбейт», — деп жазды Бекешев.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *