Президент Жапаров 54 жашка чыкты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бүгүн, 6-декабрь өлкө башчы Садыр Жапаровдун туулган күнү. Ал 54 жашка чыкты.

Социалдык тармактын колдонуучулары президент Жапаровду туулган күнү менен куттукташууда.

Садыр Жапаров 1968-жылы Ысык-Көлдүн Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында туулган. Эки жогорку билими бар. 1987-1989-жылдары Аскер кызматын өтөгөн.

Эмгек жолу:

1991-1994 — «Солтонкул» дыйкан чарбасынын жетекчиси;

1994-1996 — «Кергей» нефти компаниясынын директору;

1996-1997 — Ысык-Көл облустук ИИМдин атайын ротадагы инспектору;

1997-2001 — Мунай зат ташыган «Гузель» компаниясынын башкы директору;

2001-2005 — Балыкчы шаарындагы «Нурнефтегаз» мунай компаниясынын башкы директору;

2005-2007 — Жогорку кеңештин депутаты, «Келечек» фракциясынын жетекчиси;

2006 — Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын мүчөсү;

2007 — Мунапыс берүү боюнча комиссиянын жетекчисинин орун басары;

2008-2010 — Жемкордукту алдын алуу улуттук агенттигинин комиссары;

2010-2013 — Жогорку кеңештин депутатты, сотттук-укуктук маселелер боюнча комитеттин жетекчиси.

2017-жылы 25-мартта Садыр Жапаров кыргыз-казак чек арасынан кармалган. Экс-депутат 2013-жылы октябрда Кумтөр маселесине байланыштуу Караколдо болгон митингде ошол кездеги Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурган деп айыпталып, 10 жылга кесилген.

Жапаровдун жактоочулары чечимди өзгөртүү үчүн Аламүдүн райондук сотуна кайрылышкан. Бирок өкүм өзгөрүүсүз калган.

2020-жылы 6-октябрда митингге чыккан эл тарабынан абактан бошотулуп, премьер-министрликке көрсөтүлгөн.

2020-жылы 14-октярбда Кыргыз Республикасынын премьер-министри болуп бекиген;

2020-жылы 15-октябрда Кыргызстан Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу;

Декабрь айында кызматын ЖК төрагасы Талант Мамытовго өткөрүп берип, январда өтүүчү президенттик шайлоого талапкер катары аттанган;

2021-жылы 10-январда алдын ала эсептөө боюнча Кыргызстандын президенти болуп шайланды;

2021-жылы 28-январда инаугурация аземи өтүп, президенттик кызматка расмий киришкен.

Аргумент.kg