
Президент Корея бийлигинен кыргызстандыктарга виза берүүнү жөнөкөйлөтүүнү өтүндү
15-теке, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваПрезидент Садыр Жапаров Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын төрагасынын орун басары Чонг У Тэкти кабыл алды. Бул тууралуу преизденттин маалымат кызматы билдирди.
Өнөктөштүктүн бардык багыттары боюнча эки тараптуу стратегиялык өз ара аракеттенүүнүн учурдагы абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашуу болду.
Мамлекет башчысы Чонг У Тэктин Кыргызстанга болгон сапары эки өлкө ортосундагы достуктун жана кызматташтыктын тарыхындагы маанилүү окуя болуп, эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жаңы дем берет, деген ишенимин билдирди.
Садыр Жапаров кыргыз-корей кызматташтыгынын жогорку динамикасын, өлкөлөр ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда өз ара аракеттенүүнү, ошондой эле парламенттер аралык алакалардын өнүгүп келе жатканын канааттануу менен белгиледи.
«Кыргызстан Түштүк Кореяны Азия-Тынч океан аймагындагы маанилүү жана артыкчылыктуу өнөктөштөрүнүн бири катары эсептейт. Кыргыз тарап эки өлкөнүн саясий диалогун мындан ары да улантууга жана кеңейтүүгө чоң маани берет. Бул контекстте мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүнүн позитивдүү мүнөзүн аныктоочу жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр олуттуу мааниге ээ», — деп белгиледи президент.
Булак: Аргумент кж