Президент классташтарын ажылык сапарга даярдап атканы кабарланды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жакында күтүрөшүп ажылыкка даярдана башташат эмеспи. Акчалуулар алдыга чыгышып, өң-таанышка карагандар да кур калышпай. Көмүскөдөн көз ымдашмайлар башталып… Бизге жеткен маалымат боюнча, Садыр Жапаров классташтарын тегиз жыйнап, баарын ажылыкка жөнөткөнү жатканы кабарланды. Президент ажаат ачып, өзү демөөрчү болуп атса, курбалдаштарга Кудай бербедиби! Ыйык жерге бекер барышып, чалма оронушуп, молдокелик дүйнөгө кадам ташташат экен да. Мурдагы эл башчылары мындай жөрөлгөнү жасаган эмес. Бул жагынан Садыр Жапаров ачылыш кылып, классташтарын самолётко учуруп, жер кыдыртса жаманбы? Жыргап барып келишет да…

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg