Президент Асман экологиялык шаарынын курулушуна старт берди

Президент Асман экологиялык шаарынын курулушуна старт берди

30-кулжа, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

““Асман шаары” – Чыгыш менен Батышты, Түндүк менен Түштүктү байланыштырган финансылык хаб болуп калат!» — деп президент Садыр Жапаров, бүгүн, 30-июнда, Ысык-Көл облусундагы «Асман» шаарынын курулушунун башталышына мезгил кутусун салуу аземинде сүйлөп жатып, белгиледи.

Өз сөзүндө мамлекет башчысы төмөнкүлөрдү белгиледи:

“Урматтуу кыргызстандыктар!

Кымбаттуу көл кылаасынын тургундары!

Бүгүнкү иш-чаранын урматтуу катышуучулары жана кадырлуу меймандары!

Бүгүн биз көптөн бери сөз болуп, кылдат иштелип чыккан заманбап “Асман” шаары” долбооруна расмий түрдө старт берүү максатында мезгил кутусун салуу аземине чогулуп олтурабыз.

Иш-чарага күбө болуу үчүн өлкөбүздүн булуң-бурчунан көптөгөн мекендештерибиз дагы чогулушкан.

Кыргызстандын бардык аймактарынан өлкө тарыхында биринчи жолу болуп жаткан бул ири курулуштун башталышына келип олтурушунун өзү эле биздин элибиздин биримдигинен, ынтымагынан кабар берет.

Заманбап шаар курулушун колдоо менен биз алдыга коюлган улуу максаттарга ынтымак менен гана жетерибизди, ой-кыялдарыбызды реалдуулукка айланта аларыбызды далилдеп турабыз.

Азыркы тапта дүйнө өлкөлөрү акылдуу шаарларды курууга умтулуп жатканын эске алсак, заман талабынан артта калбай, “акылдуу шаар” куруу долбоору кубаттоого арзыйт.

Бул долбоорду ишке ашыруу менен биз кыргыз бермети болгон Ысык-Көлүбүздүн жээгинде инновациялык шаар куруп, экономикалык жана туристтик борборго ээ болобуз.

Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында мындай ири долбоор эң алды менен туризмди жана инвестициялык мүмкүнчүлүктү өнүктүрүү максатын көздөйт.

Дүйнөнүн булуң-бурчундагы туристтерди өзүнө тарткан кереметтүү көлүбүздүн жээгине мындай инновациялык шаар куруу менен, өлкөбүздүн туристтик жана инвестициялык кудуретин мындан да арттырууга жол ачылат.