Поезд алдына секирүүгө аракет кылган кызды сактап калышты

Поезд алдына секирүүгө аракет кылган кызды сактап калышты

25-аяк оона, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Ташкентте поезддин алдына секирүүгө аракет кылган кызды сактап калышты. Бул тууралуу өзбек маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Социалдык тармактарда Ташкент метросунда кыз поезддин алдына секирүүгө аракет кылган видео тарады.

Маалыматка ылайык, окуя «Өзбекстан» метро станциясында болгон. Укук коргоо кызматкери кызды сактап калууга үлгүргөн.

Азырынча метронун жетекчилиги окуя боюнча комментарий бере элек.